Тазабек Икрамов бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Тазабек Икрамов

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов 27-сентябрда БШКга парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди. Ал шайлоого туулган жери Жалал-Абад облусунун №13 Сузак округунан барууну ниет кылып жатат.

Ошондой эле БШКга 27-сентябрга карата шайлоого өз алдынча катышуу үчүн 40 киши арыз берди. Алардын арасында Икрамовдон сырткары депутаттар Канат Исаев, Айбек Алтынбеков, экс-депутаттар Бактыбек Сыдыков, Анаш Сейтказиев жана Арсланбек Малиев бар.

Депутаттарды бир мандаттуу система менен шайлоо үчүн Кыргызстандын аймагы 36 округга бөлүндү. Округдардын тогузу Ош облусу жана Ош шаарына, жетөө Жалал-Абад облусуна, алтоо Чүй облусуна, төртөө Бишкек шаарына, Баткен жана Ысык-Көл облустарында үчтөн, Талас жана Нарын облустарында экиден берилген.

Бир мандаттуу округдардан катыша турган талапкерлер 13-октябрга чейин БШКга арызын бериши керек.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.