Абдыгулов: Улуттук банк келечектеги кирешенин эсебинен бюджетке 2,5 млрд сом которду

Улуттук банктын экс-төрагасы Толкунбек Абдыгулов 29-сентябрда өткөн парламенттин жыйынында, башкы финансылык жөнгө салуучу мекеме келечектеги кирешенин эсебинен мамлекеттик бюджетке 2,5 млрд сом которгонун тастыктады. Буга чейин бул тууралуу депутат Дастан Бекешев менен osoo.kg порталы дагы жазган.

Абдыгуловдун айтымында, келечектеги кирешенин эсебинен каражат бөлүү менен Улуттук банк эч кандай мыйзам бузган эмес. Бул «кадимки көрүнүш».

«Мыйзам жана эл аралык стандартка ылайык, биз кирешебиздин кандайдыр бир бөлүгүн которо алабыз. Ошол эле учурда, [которулган сумма] учурдагы кирешенин үчтөн бир бөлүгүнөн ашпашы керек. Бул биздин эл аралык аудиторубуз менен макулдашылган […] Бул жерде эч кандай [мыйзам бузуу] жок. Кандай болгон күндө да, бул киреше жылдын аягында республикалык бюджетке чегерилиши керек эле […] Мындай учурлар мурда да болгон […] эч кандай мыйзам бузулган жок», — деди Улуттук банктын экс-төрагасы.

«Которууга мажбурлашкан»

Бекешев 28-сентябрда өзүнүн фейсбук барагында, Улуттук банкты 2,5 млрд сом которууга «мажбурлашкан» деп жазган.

«Кумтөрдөн түшкөн миллиондогон толуктоолорго карабастан, Улуттук банкты келечектеги кирешенин эсебинен каражат которууга мажбурлашкан. Болгондо да 2,5 млрд сом», — деп билдирген эл өкүлү.

Osoo.kg порталынын маалыматына ылайык, башкы финансылык жөнгө салуучу 2,5 млрд сомго барабар болгон 2021-жылдагы кирешенин бир бөлүгүн 16-августта эле төлөп берген.

Улуттук банктын Финансы министрлигинин эсебине 2,5 млрд которгону тууралуу Ачык бюджет порталынын скриншоту. Сүрөт: Economist.kg

«Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Борбордук казына Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин эсебине Улуттук банктын 2020-жылдын кирешесинин эсебинен 5,6 млрд сом которгон. Ага ылайык, республикалык бюджет 2021-жылдын башынан баштап, Улуттук банктын кирешесинин эсебинен эле 6 млрддан ашуун каражатка толукталган», — деп osoo.kg жазып чыккан.

Economist.kg финансылык басылмасы белгилегендей, иш жүзүндө Улуттук банктын 2021-жылга карата кирешеси азырынча жок.

«Улуттук банктын кирешеси жана республикалык бюджетке төлөмдөр тууралуу жыл аяктаган соң жана аудит өткөндөн кийин гана айтууга болот», — деп жазган басылма.

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Улуттук банктын кирешеси төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:

  • эгер финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервинин суммасы Улуттук банктын акчалай милдеттенмелеринен 10% дан аз болсо, анда кирешенин 70% республикалык бюджетке чегерилет. Кирешенин калган бөлүгү Улуттук банктын милдеттүү резервине которулат;
  • эгер финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча уставдык капиталдын жана милдеттүү резервдин өлчөмү Улуттук банктын акчалай милдеттенмелери 10% барабар же андан ашса, анда республикалык бюджетке 100% киреше чегерилет.

2020-жылы Улуттук банктын таза кирешеси 8 млрд 484 мин сомду түзгөн, анын 90%ын банк мамлекеттик бюджетке которушу керек эле.