Ысык-суукка карабай түштөнүүсүз, эс алуусуз өткөн жыйырма саат. Чыңалуу, дагы бир жолу чыңалуу… Шайлоодогу байкоочунун иши бир күнгө гана созулат, бирок ага мурдатан эле даярдык көрүүгө туура келет: мыйзамдарды жаттоо, тест тапшыруу, онлайн-лекцияларга катышуу. Биз мунун баары адамды зериктирип жиберет деп ойлогонбуз, ошол себептен «Клооптун» кезектеги байкоочулар тобуна беш миңден ашык адам катталаарын да күткөн эмеспиз. Бул материалда алар кимдер, байкоочу болууга эмне түрткү болгонун айтып беребиз.
«Клооп» жергиликтүү кеңештерди шайлоодо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда эмнелер туура эмес болгону тууралуу материалдар топтомун жарыялайт.
Ноябрда Кыргызстанда кезектеги шайлоо өтөт — өлкөдө Жогорку Кенештин депутаттары шайланат. «Клооп» мыкты даярдыктан өткөн ишенимдүү байкоочулар тобу менен шайлоого кайрадан байкоо жүргүзөт.
Бүткүл өлкө боюнча участкаларда биздин кишилер болот. Сиз дагы алардын бири боло аласыз. Иш үчүн сизге телефон, туруктуу мобилдик интернет жана бош убакыт керек болот.
Бардык процесс — окутуу дагы, иштин өзү дагы онлайн түрдө болот.
Алгач, сизге байкоочунун иши жөнүндө айтып беребиз, мыйзамдар менен тааныштырабыз, мыйзам бузууларды каттоону жана аларга арыз жазууну үйрөтөбүз. Андан кийин, жөнөкөй тесттердин жыйынтыгында, биз мыктыларын тандап, участкага жөнөтөбүз. Атайылап бир жакка жол жүрүүнүн кажети жок: өз айылыңызда же шаарыңызда туруп эле шайлоого байкоо жүргүзө аласыз.
Биз жакында байкоочулардын жаңы тобуна кабыл алууну баштайбыз. Андыктан «Клооптун» соцтармактардагы баракчаларына көз сала жүрүңүз.
Бир жылда «Клооптун» байкоочулар командасы 15 эсеге көбөйдү.
Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстанда төрт жолу шайлоо, эки жолу референдум өттү. Бул шайлоо компанияларынын ар биринде «Клооптун» өз байкоочулары болду. Биз алар каттаган мыйзам бузуулар, арыздар жана ал мыйзам бузуулар боюнча соттук териштирүүлөр жөнүндө кеңири жаздык. Бирок ал адамдар ким экени тууралуу силерге бир да ирет айткан эмеспиз.
Быйылкы жылы биздин команданын курамы 15 эсеге өстү: 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо биз менен 200 гана адам иштесе, жергиликтүү кеңештерди шайлоодо 3000ге чукул байкоочубуз болду.
Чынын айтканда, мындай өсүш биз үчүн күтүүсүз болду. Адатта, Кыргызстанда партиянын үгүтчүлөрү байкоочу болушат — белгилүү бир саясий күчтүн же талапкердин тарапташтары, алар көбүнчө акча үчүн гана иштешет. Бирок, өлкөдө шайлоого кызыккан кайдыгер эмес адамдар көп экени белгилүү болду, алар үчүн көз карандысыз, калыс болуу маанилүү.
Байкоочулардын көпчүлүгү — Бишкектен
Апрель айында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун алдында биз 5300дөн ашык адамды окуттук. Акыркы тесттен соң, алардын жарымы гана калды. Жыйынтыгында байкоочулардын эң көбү Бишкекте — 974 адам, ал эми эң азы Талас облусунда - 126 киши болду.
Жаш-курак — тоскоолдук эмес
Биздин байкоочулардын орточо жаш-курагы — 29 жаш. Бизге байкоочу болууну каалап арыз бергендердин көпчүлүгүн жаштар түздү: байкоочулардын үчтөн экиси 30 жашка чейинкилер. Эң жаш байкоочу 17де болсо, эң улуусу — 74 жашта.
Айымдар жарды, бирок активдүү
Бардык аймактагы байкоочулардын арасында аялдар эркектерге караганда болжол менен эки эсеге көп болгон.
Социолог Адиля Темирканова муну узак убакыттан бери ар тармакта аялдардын укугунун бузулуусу менен түшүндүрөт. Анын айтымында, учурда аялдар көбүрөөк иштеп, жарандык активдүүлүгүн көрсөтө баштады.
Социологдун сөзүн биздин сурамжылоо дагы тастыктап турат: байкоочу аялдардын дээрлик жарымынын туруктуу жумушу жок. Салыштыра кетсек, эркектердин ар бир үчүнчүсү жумушсуз.
Аялдардын кирешеси дагы төмөн: сурамжылоого катышкандардын дээрлик төрттөн бири бир айдагы кирешеси — үч миңден он миң сомго чейин экенин айтышкан. Ар бир он эки айымдын бирөө гана 20 миң сомдон ашык акча табат, эркектер арасында ар бир бешинчи кишинин кирешеси ушундай.
«Аялдар эркектен көбүрөөк акча тапканын мырзалар колдобойт. Биз аял күйөөсүнүн көлөкөсүндө жүрүш керек деген салтты карманабыз. Анан калса, мырзалар аялдар күйөөсүнөн көбүрөөк акча тапканын жактыра беришпейт. Эркектин эгосу жабыркай түшөт, алар өздөрүн ыңгайлуу, төбөл сезиши керек да — балким ушул дагы бир себеби болушу мүмкүн», — деп түшүндүрдү Темирканова.
Бардыгынын билими бар
Кыргызстан калктын билим деңгээли боюнча дүйнөдө 70-орунда, Борбор Азияда болсо — экинчи орунда, коңшу Казакстандан кийин турат.
Биздин байкоочулардын 70% — жогорку билимдүү. Калгандары коледжди же мектепти аякташкан.
Азык-түлүк менен кийим-кечек сатып алдык
Бирок билим деңгээли жогору болгонуна карабай, Кыргызстан жан башына кирешеси боюнча 189 өлкөнүн ичинен 166-орунда. Бул көрсөткүч менен биз Африканын Түштүк Суданына жана Азиядагы Непалга жакынбыз.
Биздин байкоочулардын 43% тапкан беш миң сомду азык-түлүккө, 6% кийим-кечеге жумшаган. Сурамжылоого катышкандардын жарымы каражатты башка муктаждык үчүн жумшаганын белгилешкен.
«Бул жашоо үчүн күрөш десек болот, биринчи керектөөдөгү каражаттар — тамак-аш менен кийим-кече. Демек, алар негизги кирешеден тышкары кошумча жумушта иштөөгө аргасыз. Демек, биздин жаштар жашоо үчүн күрөшүүгө мажбур. Алар акчаны тойго же ойноп-күлүүгө жумшашпайт, а эң керектүү нерсеге [сарпташат]», — деди социолог айым.
Турмушка чыккан эмес, балдары жок
20дан 30 жашка чейинки он байкоочубуздун тогузу бойдок же турмушка чыккан эмес. Жарымынан көбүнүн баласы жок.
Алар эмне себептен байкоочу болууну чечкен?
Биздин изилдөөгө жалпы 799 байкоочу катышкан. Алардын үчтөн экиси жарандык позициясы үчүн байкоочу болдум деп жооп берди. Болгону 3% иштөөнүн негизги себеби акча экенин көрсөткөн. Ошондой эле, алар иш «абдан жеңил» болгонун белгилеген.
Дагы окуңуз:
Бандит күнөөлүү эмес, батир ойнотуу — добуш сатып алууга жатпайт. БШКнын мыйзам бузууларга тандалма реакциясы
Апрелдеги шайлоонунун жыйынтыгын жокко чыгарууга БШКны эмне түрткү кылды?
Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу эмнеге референдумга да таасир этиши керек эле?
Эмнеге Кыргызстанда референдум шайлоо менен бир күндө өтөт?
Анализ: 11-апрелдеги шайлоодо жүздөгөн протоколдор оңдолуп чыкканы аныкталды
Авторлор: Гүлзар Маратбек кызы
Айзирек Алмазбекова, Айгерим Казыбаева
Кыргызчалаган: Найзабек Мукамбетов