Сүрөт: «Акчабар»

ТИЗОдогу экс-депутат Равшан Жээнбеков бийлик «Кумтөрдө өндүрүлгөн алтынды Улуттук банкка сатууну көздөп, Толкунбек Абдыгуловду отставкага кетирди» деп билдирди. Жээнбеков бул билдирүүнү 29-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Кой-Таш окуялары» боюнча өткөн отурумда жасады.

Равшан Жээнбеков. Сүрөт: Кундуз Жолдубаева

Жээнбеков Улуттук банк «Кыргызалтын» ишканасынан алтын алууга укугу жоктугун белгиледи. Анын айтымында, эгерде Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын сатып ала турган болсо, анда ал Эл аралык арбитраждык сотко «субъект катары чакырылат».

«[Улуттук банктын] мурдагы төрагасы [Толкунбек Абдыгулов алтын] албай жатканы үчүн аны кызматтан кетирүүгө туура келип жатат. [Бийлик] жаңы төрага алып келип, Кумтөрдө өндүрүлгөн алтынды, “Кыргызалтындын” алтынын Улуттук банкка сатабыз деп жатат. Бул экономиканы дестабилизацияга алып келет. Кыргызстан Эл аралык сотту Улуттук банк аркылуу алтынды сатып алгандыгы үчүн сотту уттура турган болот», — деди Жээнбеков.

Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгын 29-сентябрда тапшырган. Буга президенттин аны «башка кызматка дайындоо сунушу» себеп болгон. Ал эми Абдыгуловдун ордуна «Кыргыз лото» мамлекеттик компаниясынын директорунун орун басары Кубанычбек Бөкөнтаев дайындалган.

Дагы окуңуз: Банк тармагында иштебегенине 11 жыл болгон. Парламент Улуттук банктын төрагасын бекитти

«Улуттук банк жана Кумтөрдүн ортосунда келишим жок»

Улуттук банктын мурдагы жана учурдагы төрагасы

Бийлик Кумтөр кенине сырттан башкаруу киргизгенден кийин «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилики Кыргызстандан чыгып кеткен. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ошол убакыттан тарта Кыргызстандан «бир грамм алтын чыгарылган жок» деп билдирген.

Ал эми «Кумтөр Голд Компанинин» сырткы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк ишкананы акча каражаты менен камсыздоо үчүн Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын Улуттук банкка сатыла турганын айткан.

Анткен менен Абдыгулов Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы отурумунда Кумтөр кенинен алтынды сатып алуу боюнча «Кумтөр Голд Компани» ишканасы менен келишим түзүлбөгөнүн ачыктады. Бирок ага карабастан Кумтөрдөн 7 тоннага жакын алтын сатылып алынганын тастыктады.

«Бир да келишими жок. Бирок Улуттук банк мыйзам боюнча Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн алтынды сатып алууга мажбурбуз да», — деген Абдыгулов.

«Президенттин эң туура эмес чечимдеринин бири болду»

Депутат Абдывахап Нурбаев «Азаттык» үналгысынын «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «популисттер бийликке келген маалда» Абдыгулов «компетенттүү, өзүн ишин так билген профессионал» кишилердин бири болгонун белгилеген. Нурбаевдин айтымында, депутаттар Абдыгуловдун отставкасын кабыл албоону көздөп жатышкан, бирок Улуттук банктын мурдагы башчысы «кызматтан кетүүсүн колдоп берүүнү өзү суранган».

«Биз сураганда “президент чечим кабыл алып, суранды” деди [Абдыгулов], бирок бул президенттин эң туура эмес чечимдеринин бири болду. Анткени азыр өкмөт эптеп-септеп турат да, бирок Улуттук банкта көз карандысыз, күчтүү адам турганда биздин сом күчүндө турса дагы элге кичине жеңилдик болмок да», — деди Нурбаев.

Ошондой эле депутат алгач Абдыгулов кайсы кызматка кетип жатканын өзү да билбегенин, кийинчерээк ага Эл аралык валюттук фондунан кызмат берилээри тууралуу бирөөдөн СМС келгенин билдирди.

«Анткени Жогорку Кеңештеги абалды көрүп, кимдир-бирөө ойлоду “муну кетирбей койбосун” деп. Кийин [депутат Наталья] Никитенко суроо бергенде анан айта алды: “Мага маалымат келди, мен ушул жака барам” деп — ал өзү да билбейт болчу. Ошол жердеги абалдан кийин менин оюмча ага иш бергенге аргасыз болушту», — деди Нурбаев.

Ошондой эле, Нурбаев Абдыгуловдо Улуттук банкты Кумтөр маселеси боюнча «нейтралдуу тарапта сактап калуу принциби бар болгон» деп божомолдоду. Мындан сырткары, депутат Абдыгулов жетектеген Улуттук банк «Мегакомду» сатып алуу маселесинде «принципиалдуу позициясына турганы да бийликке жакпай калган» деген пикирде.

*Мамлекеттик мүлк фондунуну төрагасы Мирлан Бакиров «Мегаком» компаниясынын потенциалдуу сатып алуучуларынын бири Улуттук банк болгонун үстүбүздөгү жылдын 29-июлда билдирген. Анткен менен Улуттук банкты ошол кезде башкарган Абдыгулов бул боюнча сунуш түшө электигин, ошондой эле Улуттук банктын менчиги өкмөткө караштуу болбогондугун белгилеген.

Ошол эле берүүдө катышкан экономист Расул Түлеев бозгун президент Курманбек Бакиевдин маалында бир нече банк аркылуу көптөгөн каражаттар чет өлкөгө чыгарылып кеткенин эске салган. Түлеев Абдыгулов «ушундай схемаларга каршы болуп, ыңгайсыз адам болуп калышы мүмкүн» деген оюн айтты.

Ал арада «Кыргызалтын» ишканасы Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын мүчөлүгүнөн чыгарылган. Бул «Кыргызалтын» баалуу металл менен соода жүргүзгөн ири соодагерлер менен кызматташа албайт жана Кумтөрдө өндүрүлгөн алтынды сатууда кыйынчылыкка туш болот дегенди түшүндүрөт.

Абдывахап Нурбаев
Камчыбек Ташиев. Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда Кыргызстандын аймагынан Ошондой эле ал июнь-июль айларында Кумтөр кенинен мамлекеттик бюджетке 90 млн доллар киреше түшкөнүн билдирип, «акыркы 21 жылда Кумтөрдөн болгону 84 млн доллар пайда келген» деп белгилеген.

Анткен менен «Кумтөр Голд Компанинин» расмий маалыматына ылайык, 1994-2020-жылдары компания Кыргызстандын бюджетине дээрлик 4,5 млрд доллар төлөгөнүн көрүүгө болот. Анын 132 млн доллары 2020-жылы төлөнгөн.