«Кумтөрдө» өндүрүлгөн алтынды Улуттук банк сатып алат. Компаниянын иши эми кандай уланат?

20-майда Жогорку Кеңеште Кумтөр кенинин айланасындагы абал боюнча маалымат-жыйын өттү. Анда канадалык Centerra компаниясынын директорлор кеңешинин муруңку мүчөсү, буга чейин (мурдараак) «Кумтор Голд Компани» ишканасынын тыштан башкаруучусу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк алтын кендин мындан аркы ишмердүүлүгү кандай боло турганын айтты.

Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени. Аны Centerra Gold Inc. компаниясынын «туундусу» болгон канадалык «Кумтор Голд Компани» иштетип келет. Кыргызстан «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы аркылуу Centerraнын акциясынын 26%на ээлик кылат. «Кумтөр» — бюджет түзүүчү ишкана.

Кендеги автоматташтырылган система жөнүндө

Бөлтүрүк белгилегендей азыр жетекчиликтин негизги милдети — кендин ишмердүүлүгүн турукташтыруу. Анын айтымында, бул үчүн тез арада автоматташтырылган системаны калыбына келтирүү керек.

«15-майда «Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгүн жүргүзгөн (камсыздаган) бардык программалар дистанциондук жол менен блокко түшүрүлгөн. Бул нерсе Канадада жайгашкан Centerra Gold ишканасынын жетекчилиги тарабынан жасалды деп айтууга фактылар жана негиз бар.

Бардык компьютердик система Түндүк Америкада жайгашкан “булутка” орнотулуп которулган. Бухгалтерия, сатып алуулар, техникалык жумуштар жана геологиялык маалымат куржуну ошол жактагы офисте сакталчу. Бэкап-көчүрмө системасы алдын ала жасалган эмес. Мунун бары атайын жасалдыбы, мен билбейм. Ушул жасалган иштердин баарын канадалык Пол Янг жетектеген. Бардык ишмердүүлүк системасы бир жарым жыл мурун эле чет жерге чыгарылып кеткен. Дал ушул нерсе бул компаниянын эң талылуу жери болчу», — деди ал.

Андан тышкары, Бөлтүрүк Centerra Gold кен казылып алынчу карьердин капталдарынын абалын мониторинг кылуучу жана мөңгүлөрдүн кыймылына байкоо салуучу системаны өчүрүп койгонун айтты. Ал муну кызматкерлердин өмүрүн тобокелге салган «карасанатайлык кадам» деп баалады.

Анын айтымында, бул маселени укук коргоо органдары териштириши керек.

«Centerra Gold мындай кадамга барбаганын билдирди*. Биз Канаданын, Улуу Британиянын, АКШ жана башка өлкөлөрдүн элчилерин журналисттери менен бирге кен казган жерди көрүп, азыркы абалы менен таанышып кетүүгө чакырабыз [...] Компьютердик система толугу менен өчүрүлгөнүн өз көзү менен көрүшсүн», — деди ал.

*Centerra Gold өзүнүн 17-майда жасаган билдирүүсүндө «Кумтөрдүн» Кыргызстандагы бардык жергиликтүү кызматкерлеринин Centerraнын IT системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн токтоткондугу тууралуу жана бул кадам «ар кандай уруксатсыз кийлигишүүгө жол бербөө» үчүн жасалганын кабарлаган. Бирок Centerraнын арызында көрсөтүлгөндөй, компания кендин коопсуздук системасын, мониторинг жана эксплуатациясынын ишмердүүлүгүн токтоткон эмес. Алардын билдирүүсү боюнча өкмөт алтын кенге келгенге чейин система эч кандай үзгүлтүксүз иштеген.

Бөлтүрүктүн айтымында, мындай окуялар кайталанбаш үчүн Кумтөрдө мурда колдонулуп, баарын көзөмөлдөгөн Ellipse программасынын ордуна — ага караганда заманбап SIP көзөмөлдөөчү системасы орнотулат.

«Биздин өзүбүздүн программа болот. Ал ушул жерге орнотулат жана белгиленген чектен чыгарылбайт», — деди ал.

Экологиялык бузууларды четтетүү

Бөлтүрүк белгиленгендей, топтолгон экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт керек. Анын айтымында, мөңгүлөрдө бош тектерди сактоо акырындап токтойт — бул кеминде бир жарым-эки жылга созулат.

Анын айтымында бул убакыт аралыгында чыккан жараксыз калдыктар атайын дайындалган жайга ташылат.

Мындан тышкары кенди иштетүүдөгү муктаждыктар үчүн Петров көлүнүн суусун пайдаланганды токтотуп, анын ордуна карьердин шахтасынан чыккан сууну пайдаланышат — ал азыр Кумтөр көлүнө төгүлүп жатат.

«Жакынкы айларда көл эрийт, ошондуктан андагы сууну сордуруп алып, башка бир жерге сакташыбыз керек. Бул техникалык изилдөөлөрдү жана акча каражатын талап кылган чоң жумуш. Ошондой эле биз “Кумтор Голд Компани” менен Centerra Gold жасабай келген дайыма көзөмөл жүргүзүүчү көз карандысыз системасын киргизүүнү көздөп турабыз. Азыркы учурда Швейцариянын компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштадык. Бул нерсе көз карандысыз экологиялык уюм бардык нерсени толук көзөмөлдөп турушу үчүн жасалууда — суунун түзүлүшүн, анын түбүндөгү калдыктарды жана башка нерселерди», — деди ал.

Анын айтымында Centerra компаниясынын маалында иштеп келген «Кумтөр Голд Компани» ишканасы мындан ары алтынды жер астынан казат. Аталган ыкма менен иштөөдө алтын өндүрүүнүн көлөмү төмөндөшү күтүлүүдө.

Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын сатып алат

Тенгиз Бөлтүрүк

Бөлтүрүктүн айтымында, «Кумтөр Голд Компанинин» чет өлкөдөгү бардык банктык эсептери тоңдурулган, ал эми Кыргызстандагы эсебинде «операциялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө жол бербеген азыноолак каражаты бар».

Буга байланыштуу Кыргызстандын Улуттук банкы компанияны акча каражаты менен камсыздоо үчүн Кумтөр кенинде өндүрүлгөн алтындын баарын сатып алат. «Кумтөр Голд Компани» менен «Кыргызалтындын» жана Улуттук банк ортосунда келишим түзүлдү.

«“Кумтөрдөгү” өндүрүлгөн алтындын бир жылдык көлөмүн сатып алууга Улуттук банктын каражаты жетиштүү. Акча табылат. Ошондой эле, биз ошол “Кыргызалтындын” эсебиндеги топтолуп калган каражаттарды бириктиребиз. Алар деле аз эмес, бул жанагы — “Кыргызалтынга” акционер катары “Кумтөр Голд Компани” чегерген акчалар жана дивиденддер», — деген ал.

Кийинчерээк «Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банктан сырткары дагы үч банк «Кумтөр Голд Компанини» каржылоого даяр, анткени алтын эң жогору бааланган товар болуп саналат.

Ачык-айкындык жана кирешени көбөйтүү

Бөлтүрүктүн айтымында, кендеги абал турукташкандан кийин Кумтөрдүн ишин оптимизациялоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу иштери жүрөт. Ал үчүн алтын казууну көбөйтүү, операциялык чыгымдарды азайтуу жана компаниянын кирешесин көбөйтүү пландалууда.Ошондой эле ал кенге сатып алуу процесстерин ачык-айкыныраак кылууну көздөп жатышканын билдирди.

Centerra менен болгон талаш-тартыш жөнүндө

Бөлтүрүк Кыргызстандын өкмөтү жана «Кыргызалтын» ишканасы учураган чыгымды болушунча азыраак кылыш үчүн адекваттуу кадамдарды жасашаарын айтты. Ушул үчүн кыргыз тарап АКШ жана Канаданын юристтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты*.

*Бөлтүрүк кийинчерээк өткөн маалымат-жыйында жогоруда айтылган юрфирмалардын аттарын айтуудан баш тартып, муну маалыматтын купуялуулугу менен түшүндүргөн.

«Биз Centerraнын алдында Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого даярбыз, аларга мамлекеттик комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгын берип, биздин дооматтарды түшүндүрүп беребиз. Эгерде Centerra ачык сүйлөшүүгө жана Кыргызстандын улуттук мыйзамын, ошондой эле эл аралык стандарттарды сактоого даяр болсо Кыргызстан өнөктөштүк мамиле түзүүгө кызыктар», — деди ал

Бөлтүрүк канадалык компания менен «соо адамдын дүлөй менен сүйлөшкөнсүгөн» сүйлөшүүлөрүн токтоткусу келгенин айтты.

«Алар бизди көрмөксөнгө салбай айтканыбызга кулак салчу убакыт келди», — деди ал.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген. Кийинчерээк тышкы башкаруучулук кызматка президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси жана Центерра Голддун директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Буга чейин, 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

15-майда Октябрь райсоту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары бар болгондуктан кошумча дагы 2,1 млрд сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Ошондой эле 15-майда укук коргоо органдары «Кумтөр» компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүшкөн.

Жогорудагылардын баарынан улам Centerra Gold Inc.Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган.Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.

Канаданын өкмөтү да Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Ошондой эле Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, компания «Кыргызалтынга» ишкананын акцияларын сатууга жана алмаштырууга тыюу салган, ал эми мамлекеттик ишкана жана ага байланышкан компанияларга төлөнө турган дивиденттердин баары Centerra Gold Inc компаниясына өткөрүлөт.