Ысык-Көл: Жолго чуркап чыккан 11 жашар кызды унаа коюп кетти

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолго чуркап чыккан 11 жаштагы кызды катуу ылдамдыкта келе жаткан «Хонда Степ Вагон» коюп кетти. Бул тууралуу «Клоопко» 1-октябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрда Каракол шаарынын Алдашев жана Жамансариев көчөлөрдүн кесилишинде катталган. Анда адам өтүүчү жайдан 11 жаштагы кыз апасы менен өтүп бараткан учурда «Хонда Степ Вагон» үлгүсүндөгү унаа кызды кагып кеткен.

Милициянын маалыматына ылайык, тергөө учурунда кыздын апасы «жол кырсык тууралуу эч кимге эч кандай доо арызым жок» деп арыз жазуудан баш тарткан. Мындан сырткары, ал кызын медициналык экспертизадан дагы өткөрүүдөн баш тарткан.

Бул факты боюнча милиция тергөө ишин кыскартып, 39 жаштагы айдоочуга «Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу» беренеси боюнча айып пул салынган.

Ушул сыяктуу окуя 28-сентябрда Ош шаарында катталган. Анда окуучу Аскар Шакиров көчөсүндөгү «Манас-Ата» кафесинин алдындагы өтмөктөн өтүп бараткан учурда «Дэу-Матиз» унаасы аны койдуруп, андан соң «Хонда-СРВ» үлгүсүндөгү автоунаанын алдын сүзүп окуя болгон жерден качып кеткен.

Окуя видео-байкоочу камерага да түшүп калган. Анда кыз өтүп бараткан учурда унаалар токтоп турган, бирок жолдун толук көрүнүшүн өтмөктөн өтүп токтогон маршрутка тосуп турган. Кыз унаа жок деп ойлоп чуркап өтүп баратканда «Дэу-Матиз» катуу ылдамдыкта келип, кызды бир нече метр алыстыкка ыргыта сүзгөн.

Ал эми 29-сентябрь күнү кызды коюп кеткен айдоочу табылып, Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.