COVID-19: Акыркы суткада бир бейтап каза болуп, 43 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 4-октябрга карата коронавирустун 43 жаңы учуру катталып, бир бейтап каза болду. Илдеттен 67 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 26;
  • Ысык-Көл облусунда — 8;
  • Чүй облусунда — 4;
  • Жалал-Абад облусунда — 2;
  • Талас облусунда — 2;
  • Нарын облусунда — 1;

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 178 783кө жетти. Ал эми өлкө боюнча 173 538 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 608 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 440 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 712.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 4-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 510 адам, ал эми экинчи дозасын 507 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.