Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы аныкталды

«Бириккен күрөш дүйнөсү» уюму Олимпиада 2020 оюндарына катышып күмүш байгени багындарган кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Норвегиядагы Дүйнө чемпионатында биринчи кармашта жапониялык Нонока Озаки менен менен беттеше турганын билдирди.

Эркин күрөш боюнча турнирдин катышуучуларынын ортосундагы чучукулак 3-октябрда Осло шаарында өткөн. Тыныбековадан тышкары кыргыз курамасынын катарында Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы бар.

Жуманазарова биринчи таймашта Болгария спортчусу Мария Оряшкова менен, ал эми Айпери Медет кызы кореялык Минжи Ха менен беттешет.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Осло (Норвегия) шаарында 2-октябрда башталган, 8-октябрга чейин уланат.