ЖМК: Ысык-Көлдө жол кырсыгынан маркум кримтөбөл Акматбаевдин ата-энеси каза тапты

Ысык-Көл облусунда 4-октябрь күнү эртең менен Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда Lexus 300 унаасы аласалып кетти. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине облустук ИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгы. Сүрөт: АКИпресс

ОИИБдин маалыматына ылайык, жол кырсыгына айдоочунун унааны башкара албай калганы себеп болгон. Натыйжада эки адам каза тапкан.

Бир катар ЖМКлар каза тапкандар экс-депутат жана маркум кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин ата-энеси экенин өздүк булактарына таянып кабарлашууда.

Рыспек Акматбаев Кыргызстанда белгилүү кримтөбөлдөрдүн бири болгон. Ал бир нече адамды өлтүрүүгө айыпталып, бирок кийин акталган.

2005-жылы аныкталбаган жагдайда кримтөбөлдүн уулу да каза тапкан. 2005-жылы октябрда Молдовановкадагы түзөтүү абагына барган учурда Акматбаевдин бир тууганы, парламент депутаты Тынычбек Акматбаев киши колдуу болгон.

Ал эми Рыспек Акматбаев өзү 2006-жылы парламентке депутат болуп келген соң бир айдан кийин Көк-Жар айылындагы мечиттин кире беришинде атып өлтүрүлгөн.