Башкы прокуратура: Токмок шаардык ооруканасында 2,5 млн сомдук финансылык бузуу аныкталды

Токмоктун прокуратурасы шаардын Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунда (шаардык оорукана) 2,5 млн сом финансылык бузууларды аныктады. Бул тууралуу 5-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Токмок аймактык ооруканасы. Сүрөт: АКИpress

Анын маалыматына ылайык, 2020-жылы шаардык оорукананын кызмат адамдары жасалма эмгек келишимдерди түзүү менен айрым административдик-башкаруу кызматкерлерине эмгек акы, сый акы жана башка төлөм түрүндө мыйзамсыз жол менен 2,1 млн сом төлөп берген.

Ошондой эле алар бланкалык продукцияларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча жасалма документтерди түзүү менен дэрлик 370 миң сомду ыйгарып алышкан.

Натыйжада прокуратура мамлекетке жалпы 2,5 млн сом зыян келтирилгенин маалымдады.Башкы прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын белгиледи.