Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 4-октябрда Экономика жана финансы министрлиги алып чыккан Кытай менен макулдашуунун долбоорун жактырды. Долбоорго ылайык, минкаб Кытай карызынын 51,1 млн долларын төлөөнү 6 жылга жылдырууну көздөйт.
Шарттуу түрдө айтканда, бул төлөнбөгөн акчаны Кыргызстан Кытайдан жылына 2% үстөк менен зайымга алат. Биринчи жыл жеңилдетилген деп саналат.
Экономика жана финансы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, алты жылда 51,1 млн доллар карызга 3,8 млн доллар кошулат. Ошондой эле, ал белгилегендей Кыргызстан быйыл 88 млн доллар өлчөмүндө насыянын үстөк пайызын төлөшү керек болчу.
Депутаттар бул 51,1 млн доллар кайда жумшаларына кызыгышты. Татиков төлөө убагы жылдырылган каражаттарды ведомство электр энергия сатып алууга, чек ара жаңжалынан кийин жабыркаган Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык долбоорлорго жумшалат деп жооп берди.
Кытай карызы
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,9 млрд сомду түзөт. Бул сумманын көп бөлүгү Кытай мамлекетине болгон карыз.Кытай алдындагы мамлекеттик карыз маселесин президент Садыр Жапаров өзү да козгогон. Ал 2021-жылы мартта «Азаттыкка» маек куруп, эгерде Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкына» карызын төлөп бербесе, анда Кытай ири инфраструктуралык долбоорлорду башкарууга аларын айткан. Алар — Бишкек ЖЭБи, «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолу жана «Датка-Кемин» көмөкчү чордону.
Анда Жапаров Кытайдын башкаруусуна башка объектилер да өтүп кетиши ыктымал экенин айтып, бирок кайсы объектилер экенин так белгилеген эмес.
«Мисалы, ТЭЦ, “Түндүк—Түштүк” жолу, “Датка-Кемин” […] Ошолорго алганбыз да [насыяларды] мунун баарын. Эгерде, убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка [Кытай тарапка] өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе, андан башкасын дагы алганга укуктары бар. Бирок биз убагы менен төлөп берип жатабыз», — деген президент.
Депутат Дастан Бекешев 2020-жылдын ноябрь айында эле Кыргызстан менен Кытайдын кредиттик тарыхы токсонунчу жылдары башталганын, бирок эгемендиктин алгачкы жылдары алынган насыяларды Кыргызстан төлөп бүткөн, же Кытай кечкенин билдирген болчу. Азыр өлкө акыркы 12 жылда алган карыздарын пайыздары менен кошуп төлөшү керек.
Кыргызстанга насыя негизинен 20-25 жылга, жылына эки пайыздык чен менен берилет. Төлөөнүн жеңилдетилген мөөнөтү 5 жылдан 11 жылга чейин. Бул насыяларга жарым пайыздык комиссиялык акы чегерилген.
2008-жылдан бери Кыргызстан Кытайдан 10 ири насыя алган: 7 кредит жол курууга жана үч кредит энергетикалык коопсуздук үчүн.
Тема боюнча: Бекешев: Кытайга болгон карызды жарандардан алынган салыктын эсебинен төлөйбүз
Кыргызстандын Кытайга көз карандылыгы
АКШнын Улуттук экономикалык изилдөөлөр бюросунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2019-жылы өзүнүн ИДПсынан Кытайга болгон тышкы карызынын үлүшү боюнча дүйнөдө 5-орунда турган.Ошондой эле, Кил дүйнөлүк экономика институтунун изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдө Кытайга болгон тышкы кредиттик карызы алардын ИДПсынан 25%дан ашкан жети өлкө бар жана Кыргызстан алардын бири. Мындан тышкары, ал тизмеде Жибути, Нигер, Конго Республикасы, Лаос, Камбоджа жана Мальдив бар.
Глобалдык өнүгүү борбору аналитикалык уюму карыздын ушунча чоң болушу Кыргызстанды Кытайдын алдында «каржы боюнча аярлуу» абалга такайт деп эсептейт. Эгер Кыргызстан кредитти өз убагында жаба албаса, Кытай Гонконго жайгашкан эл аралык сот аркылуу өлкөнүн каалаган активин талап кыла алат.