«Бүтүн Кыргызстан» тизмесин бекитти, партияны шайлоого Мадумаров баштап барат

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын курултайы. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы / Марат Тагаев

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы 9-октябрда парламенттик шайлоого карата курултай өткөрүп, 54 талапкердин тизмесин бекитти жана №2 Баткен шайлоо округунан бир талапкер көргөздү. Партияны шайлоого Адахан Мадумаров баштап барат.

«Азаттык» үналгысы маалымдагандай, андан сырткары аталган партия менен шайлоого «Кыргызстан коммунисттер» партиясынын лидери Исхак Масалиев, эл өкүлдөрү Эмил Токтошев, Аккулу Бердиев, Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана активист кыз Орозайым Нарматова бар.

Азырынча толук тизме коомчулукка жарыялана элек. Ошондой эле бир мандаттуу округдан талапкерлиги көрсөтүлө турган кишинин аты-жөнү да белгисиз.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

«Бүтүн Кыргызстан» жана ко

«Бүтүн Кыргызстан» — электоратын көбөйтүү үчүн көп учурда башкалар менен бирикен партия. Мисалы, мындан он жылдан ашык убакыт мурда Мадумаров Мирослав Ниязов менен бириккен, ал эми партиянын мүчөлөрүнүн бири ырчы Бек Борбиев болгон. Борбиев азыркы убакта коррупцияга аралашканын мойнуна алган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп келет.

Кийин «Бүтүн Кыргызстан» Аскар Салымбеков жана анын «Эмгек» партиясы менен бириккен. Мадумаров менен Салымбеков тандеми тууралуу 2015-жылдын май айында жарыялаган, ал эми декабрда коалиция тарап кеткенин билдиришкен.

Бир жыл мурда партия Темир Сариев менен бириккен — бирок биригүү узакка созулган эмес. Көп өтпөй Сариев союздан чыкканын айтып, мындай кадамын жеке принциптери менен түшүндүргөн. Кийин Турсунбай Бакир уулу союздун курамынан чуулган менен чыгып, ал тургай партияны сотко берген. Бирок анда дагы «Бүтүн Кыргызстан» коммунисттердин башчысы Исхак Масалиев менен бир команда болуп калган. Исхак Масалиев — Кыргыз ССРнин Борбордук комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиевдин уулу.

«Бүтүн Кыргызстан» 2006-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Бул убакыт аралыгында партия өзүн Кыргызстандагы бирден бир белгилүү, карт тарыхы бар, оппозициялык партия катары көрсөтүп келет. «Бүтүн Кыргызстан» 2010-2015-жылдарда парламенттик шайлоого катышкан. Бирок эки жолу тең парламентке барууга бир нече пайыз добуш жетпей калган. 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодо партия парламенттен бир нече орунга ээ болмок, бирок өлкөдө бийлик алмашууга алып келген нааразылыктардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.