Саламаттык сактоо министри Соцфонддун төрагасын кызматтан бошотконун кабарлады

Жаныбек Орозалиев

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевди кызматтан кетиргенин журналисттерге билдирди.

«Ал 24 саат иштегенди билбейт, ошондуктан ээлеген кызматынан бошоттум», — деп билдирди министр «Тазабек» басылмасына.

Соцфонд комментарий алууга жеткиликсиз болду — Орозалиевдин кызматтан бошотулганын ведомстводон тастыктоого мүмкүн болгон жок.

Орозалиев Соцфонддун башчылыгына үстүбүздөгү жылдын май айында дайындалган. Ага чейин ведомстводо коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Орозалиев 2003-жылдан бери Соцфонддун ар кыл органдарында иштеген. Ал — Соцфонддун башкармалыгынын мүчөсү.