Арт: Тыныбекова, Жуманазарова жана Медет кызы — кыргыз спортунун жаңы каармандары

Сүрөтчү Татьяна Зеленская соцтармактарга Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасына арналган иллюстрациясын жарыялады. Анда Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы чагылдырылган.

Арт: Татьяна Зеленская.

«Мыктылар!» — Зеленская эмгегин дал ушинтип атаган.

Норвегиянын борбору Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатынан спортчу кыздар эки алтын жана бир коло медаль менен кайтып келишкен. Тыныбекова 2019-жылы ээ болгон чемпиондук титулун коргосо, Жуманазарова өз салмак категориясында алгач ирет дүйнө чемпиону аталды. Айпери Медет кызы болсо коло медалды багындырды.

Буга чейин үч спортчу Токио Олимпиадасына катышкан. Анда Тыныбекова күмүш, Жумазарова коло медалга ээ болгон.

Кыздар эл аралык аренада кыргыз спортунун жүзү, ошондой эле көпчүлүк жаңы өсүп келе жаткан спортчуларга үлгү болушту.