COVID-19: Акыркы суткада 57 жаңы учур катталып, бир адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 11-октябрга карата коронавирустун 57 жаңы учуру катталып, бир бейтап каза болду. Илдеттен 67 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 40;
  • Ысык-Көл облусунда — 8;
  • Жалал-Абад облусунда — 4;
  • Чүй облусунда — 2;
  • Ош шаарында — 2;
  • Талас облусунда — 1;

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 179 338ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 086 киши вирустан айыкты. Пандемияда жалпы 2 620 адам көз жумду.

Учурда ооруканаларда 458 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 680.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 11-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6 049 адам, ал эми экинчи дозасын 4 565 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.