Польша Кыргызстанга 55 миң дозадан ашык AstraZeneca вакцинасын берди

Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшүү үчүн 55 200 доза AstraZeneca (Vaxzevria) вакцинасы алып келинди. Бул тууралуу Твиттер барагында Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Аларды Кыргызстанга вакциналарды өнүгө элек өлкөлөрдүн ортосунда адилеттүү бөлүштүрүүгө жардам берген COVAX механизми аркылуу Польша берди.

Европа Биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр, Польшанын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Томаш Коллат жана саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов. Сүрөт: ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү

Бул COVAX аркылуу алып келинген AstraZeneca вакцинасынын экинчи партиясы. 2-августта Кыргызстанга Швейцариядан бул вакцинанын 226 миңден ашык дозасы келген. Мындан тышкары, Азербайжан дагы гумжардам катары AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын берген.

Бирок 4-октябрда саламаттык сактоо министрлиги бул вакцинаны элге берүүнү убактылуу токтоткон, буга препараттардын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткени себеп болгон.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова «Клоопко» Польша берген AstraZeneca’нын жаңы партиясынын жарактуу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын декабрында аяктарын билдирген.

Жакында эле ДССУнун Европа аймагы боюнча атайын өкүлү Витянис Адрюкайтис Европа мамлекеттерин үчүнчү өлкөлөргө вакцина берип бөлүшкүсү келбей жатканы үчүн сынга алган.

«ДССУ Европа өлкөлөрүнөн Украина, Тажикстан жана Кыргызстан менен колдонууда бар вакциналары менен бөлүшүүнү суранат. [...] Бирок бөлүшкүлөрү келбейт, кампаларында кармап жатышат, андан кийин сактоо мөнөтүү бүтөрүнө 2 жума калганда берип коюп жатышат», — деп келтирет Андрюкайтистин айткандарын ТАСС басылмасы Литванын «Эксперсс-неделя» сайтына таянып.

Кыргызстандагы эмдөө

Учурда Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm жана Sinovac (CoronaVac), ошондой эле Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен эмделсе болот. Ошондой эле өлкөгө гумжардам катары Казакстандын QazVac вакцинасы келген.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 11-октябрга карата өлкөдө COVID-19га каршы вакцинанын эки дозасын тең 649 миңден ашык адам алган — бул калктын дээрлик 10%ы. Биринчи доза дээрлик 858 миң кыргызстандыкка сайылган.