ЖМК: Министрлер кабинетинде кадрдык алмашуулар күтүлүүдө

Бир катар кыргыз ЖМКлары 11-октябрда жеке маалымат булактарына таянып жакынкы күндөрү министрлер кабинетинде кадрдык алмашуулар болорун жазышты.

Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, минкабдын башчысы Улукбек Марипов кызматынан кетип, ордуна президенттин үзөңгүлөшү, Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров келет.

Марипов 2021-жылдын февраль айында премьер-министрлик кызматка дайындалган. Үстүбүздөгү жылдын май айында жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин Марипов өз ордун сактап калган, бирок министрлер кабинетинин төрагасы деп аталып калган.

«Азаттык» басылмасы дагы өз булактарына таянып, башка кадрларды да алмаштыруу күтүлүп жатканын кабарлады.

Алардын маалыматына караганда, учурдагы УКМКнын төрагасы, президенттин үзөңгүлөш досу Камчыбек Ташиев кызмат ордун сактап калат, бирок ошол эле учурда министрлер кабинетинин төрагасынын коопсуздук боюнча орун басары болушу мүмкүн.

Ташиев УКМКнын башчылыгына өлкөдө бийлик алмашып, Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткенден кийин дароо 2020-жылдын 16-октябрында дайындалган. Бул кызматка Ташиевди Садыр Жапаров өлкө башчысынын м.а. болуп турганда дайындаган.

«Азаттыктын» белгилешинче, министрлер кабинетиндеги өзгөрүүлөр тууралуу расмий маалымат 12-октябрда белгилүү болот.

Кадрдык алмашуулар күтүлүп жатканы тууралуу 24.kg сайты дагы жазды. Бирок басылманын маалыматы боюнча, министрлер кабинетинин курамындагы өзгөрүүлөр 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодон кийин болот.

Президенттин басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине маалыматка карата комментарий берген жок.