Парламент жаңы өкмөт башчыны жана өкмөттүн курамын бекитти

Жогорку Кеңештин депутаттары 3-февралда өткөн жыйында жаңы премьер-министрди жана өкмөттүн түзүмүн бекитишти. Жаңы өкмөт башчысы Улукбек Марипов болду — ал буга чейин Эсеп палатасынын башчысы болуп эмгектенген.

Жаңы премьер-министр

Буга чейин парламенттин көпчүлүк коалициясы менен тармактык комитеттер Мариповдун талапкерлигин жактырышкан. Өкмөт башчылык кызматка аны «Республика — Ата-Журт» фракциясы көрсөткөн.

Марипов журналисттерге курган маегинде талапкерлиги Садыр Жапаров менен макулдашылганын билдирген.

«Бул маселе мамлекеттин башчысы менен талкууланган, мен Садыр Жапаров менен сүйлөшкөм. Мага сунуш түштү, мен макул болдум», — деп айткан Марипов.

Улукбек Марипов эгемен Кыргызстандын 32-өкмөт башчысы (премьер-министрдин милдетин аткарган Артём Новиковду эсепке алганда 33-өкмөт башчы) болду. Премьер-министрлердин көбү кылмыш иштеринин фигуранттары болуп, камакка алынган. 12 премьер-министр гана өкмөт башчы болуп тургандыгы үчүн кылмыш куугунтугуна кабылган эмес.

Тема боюнча: 123 гектар жер, экс-депутаттын уулу, Шадиев менен байланышы. Марипов тууралуу эмне белгилүү?

Министрлер кабинетинин жаңы курамы

Андан тышкары, мамлекеттик мекемелердин биригиши жана өкмөттүн түзүмүнүн өзгөрүшү менен ведомстволордун саны бир топ эле азайды. Экономикалык, социалдык маселелер жана күч түзүмдөрү боюнча блокко жооптуу делген вице-премьер-министр кызматтары жоюлду.

  • премьер-министр — Улукбек Марипов;
  • биринчи вице-премьер-министр — Артём Новиков;
  • экономика жана финансы министри, ошондой эле вице-премьер-министр — Улукбек Карымшаков;
  • өкмөттүн аппаратынын жетекчиси жана министр — Жеңиш Асанкулов;
  • коргоо министри (президент менен макулдашуу боюнча) — Таалайбек Өмүралиев;
  • тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • юстиция министри — Асел Чынбаева;
  • саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Кайрат Иманалиев;
  • өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • транспорт, архитектура жана коммуникация министри — Гүлмира Абдралиева;
  • энергетика жана өнөр-жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
  • УКМКнын төрагасы (президент менен макулдашуу боюнча) — Камчыбек Ташиев.