Жумгал: Милиция 13 жаштагы кызын зордуктоого шектелген адамды кармады

Нарын облустук ИИББдин басма сөз кызматы Жумгал районунда 13 жашар кызын зордуктоого шектелип 54 жаштагы тургун кармалганын билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, сентябрда милицияга Жумгал районунун тургуну С.Т. 2008-жылкы кызын көптөн бери зордуктап жүргөнү айтылган арыз келип түшкөн.

Факт 2021-жылдын сентябрында каттоого алынган. Милиция текшерүү баштаганда шектүү аялын өлтүргөнү үчүн сегиз жыл абакта отуруп, 2018-жылы эркиндикке чыкканы аныкталган.

Ошол эле кезде шектүү өзү кызын зордуктаганын жашырган эмес. ОИИББдин маалыматына ылайык, сурак учурунда ал кызы менен 2021-жылдын июлунда жыныстык катнашка барганын, ага чейин сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди кылып жүргөнүн билдирген.

Бирок анын жашы жете элек өспүрүм кызынын айтымында, атасы аны эки жылдан бери зордуктап жүргөн.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы Жумгал райсоту шектүүнү 2021-жылдын 21-ноябрына чейин эки айга камакка алганын кошумчалады. Тергөө уланып жатат.