Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болуп, 98 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 15-октябрга карата коронавирустун 98 жаңы учуру катталды, эки бейтап каза болду. Илдеттен 94 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 74;
  • Чүй облусунда — 11;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Жалал-Абад облусунда — 2;
  • Талас облусунда — 2.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 179 681ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 501 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2629 адам көз жумду.

Учурда ооруканаларда 476 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 576.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 15-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6 390 адам, ал эми экинчи дозасын 5 133 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.