Куудул Жамбыл Камчиев парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Жамбыл Камчиев

Куудул Жамбыл Камчиев парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга арыз берди. Ал талапкерлигин Ош шаарынын №7 шайлоо округунан көрсөттү.

Ушуну менен бир мандаттуу округдан шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны 381ге жетти. Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 13-октябрда аяктаган.

Жамбыл Камчиев — 67 жашта, «Куудул-Аралаш» коомдук фондунун президенти. Ал үстүбүздөгү жылы өткөн президенттик шайлоого катышуу үчүн да документтерин тапшырып, бирок кийинчерээк баш тарткан.

Ошондой эле 2017-жылкы шайлоодо да талапкер болуу ниетин билдирип катталган. Анда куудул ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевден тамаша катары күрөөгө коюу үчүн бир миллион сом карыз сураган.

Мындан сырткары ал 2011-жылдагы президенттик шайлоого да катышуу ниетин билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.