Анталияда 18 жаштагы кыргыз жараны бешинчи кабаттан кулап каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Түркиянын Анталия шаарына турист болуп барган кыргызстандык 18 жаштагы жигит бешинчи кабаттын терезесинен кулап каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 14-октябрь күнү кыргыз жараны убактылуу жашап жаткан үйдүн бешинчи кабатынын кулап, Анталия шаардык ооруканасына оор абалда келип түшкөн.

Ага операция жасалган, бирок 15-октябрда таңкы саат 07:00 чамасында алган жараатынан улам каза болгон.

Полиция жигит кандай жагдайда кулап кеткенин териштирүүдө.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу каза болгон баланын жакындарына ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.