Эл акыны Майрамкан Абылкасымова 84 жашында дүйнө салды

16-октябрда Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 84 жашында каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акынды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-октябрь күнү саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Майрамкан Абылкасымова. Сүрөт: «Азаттык»

Акын 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1958-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун гезит-журналдарда иштөө менен баштап, Ош педагогикалык институтунда, 1995-жылы «Курманжан датка» фондунун төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.

Анын алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. 1961-жылы «Кичинекей досторго» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. Абылкасымованын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган.

Абылкасымова 1980-жылы «Эл акыны» наамына татыктуу болгон. Ошондой эле кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн 1984-жылы Кыргыз ССРинин «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлыгы, 1986-жылы «Ардак Белгиси», 2005-жылы III даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.