Видео: Иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесинен тыңшоочу аппарат табылды

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кеңсесинен тыңшоочу аппарат табылганын билдирди. Мындан сырткары журналисттердин артынан аңдуу болгону тууралуу башка да фактыларды жарыялады.

Анын айтымында, «Шорох-7» үлгүсүндөгү тыңшагыч микрофонду иш бөлмөнүн шыбына жайгаштырышкан. Ошондой эле кеңсенин сыртында түшүнүксүз жабдуулар орнотулган «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаа күндүзгү 10дон кечки саат 4кө чейин токтоп турган.

Мындан сырткары, Темиров «Айт-айт десе» өнөктөш долбоорундагы төкмө акын Болот Назаров такси чакырганда ар дайым бир эле «айдооочу» келээрин айтат. Журналисттер анын телефон номерин Getcontact тиркемеси аркылуу текшергенде, көпчүлүгүндө ал УКМКнын кызматкери катары сакталган.

«“Жорго” компаниясы эмнегедир айдоочуну ар дайым ушул кишиге алмаштырып коёт. Башкача айтканда, башында башка айдоочу [буйрутманы алганын айтып] чалат. Бирок ордуна ушул “айдоочу” келет», — деди ал.

Temirov LIVE жана анын УКМК башчысына байланыштуу иликтөөлөрү

Темиров бир нече иликтөөлөрдүн автору, өзүнүн атындагы Temirov LIVE ютуб каналын жетектейт. Ага чейин ал Factcheck.kg басылмасында башкы редактор болгон.

Жакында эле Temirov LIVE ютуб каналынын журналисттери Жалал-Абад шаарындагы «Достор» кафесинде официантты сабаган кишилердин бири Нургазы Мамасадыковдун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар экенин аныкташкан.

Ал эми мурдараак Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жашап жатканы тууралуу иликтөө жарыялашкан. Анда УКМКнын төрагасы уулу Темирлан Ташиевдин үлпөт тоюн резиденцияда өткөргөнүн маалымдашкан.

Журналисттердин айтымында, аларга өздүк булактар жана Ташиевдин резиденцияда жашаганын тастыктап берген. Мындан сырткары алар атайын кызматтын башчысынын туугандары мамлекеттик резиденциядан тартып социалдык тармактарга чыгарган сүрөттөрдү табышкан.

Кененирээк окуңуз: Temirov Live: Камчыбек Ташиев «Ала Арча» резиденциясында жашап жатат

Темиров өзү үстүбүздөгү жылдын февраль айында АКШнын Мамлекеттик департаментинин «Коррупция менен күрөшүүнүн алдыңкысы» деген сыйлыгына татыган.

Буга чейин, 2019-жылдын январь айында, белгисиз үч киши Темировду сабап кеткен. Анда кол салууну анын кесиптик ишмердиги менен байланыштырышкан, бирок милиция фактыны «Тоноо» беренеси менен каттаган. Кийинчерек кол салгандар табылып, алар 50 миң сомдон айыпка жыгылып, 2,5 жылга эркинен ажыратылган.