Temirov Live: Камчыбек Ташиев «Ала Арча» резиденциясында жашап жатат

Temirov Live «Ютуб» каналынын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жашап жатканын билдиришти.

Бул тууралуу видео иликтөө 26-августта жарыяланды. Журналисттердин айтымында, аларга өздүк булактар жана Ташиевдин резиденцияда жашаганын тастыктап беришкен.

Мындан сырткары алар атайын кызматтын башчысынын туугандары мамлекеттик резиденциядан тартып социалдык тармактарга чыгарган сүрөттөрдү табышкан.

Алгач иликтөөчүлөр УКМКнын төрагасынын уулу Темирлан Ташиев «Ала-Арча» резиденциясында чын эле үйлөнгөнбү деген суроого жооп издешкен. Анткени социалдык тармактарда журналисттер жана активисттер үлпөт той резиденцияда өтүп, ага ырчы Самара Каримова чакырылганын маалымдашкан.

*Ташиев уулу Темирланды «Ала-Арча» резиденциясында үйлөгөнү тууралуу бир нече ЖМКлар жазып чыгышкан. Той 16-августта өтүп, ал жерге келген 100дөй кишиге сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынганы кабарланган. Анткен менен мамлекеттик резиденциянын директору Адилет Билимбек уулу бул маалыматты четке каккан.

Ал эми Самара Каримова 18-августта инстаграм баракчасына түшкөн сүрөт жүктөгөн — журналисттер анын сүрөтү резиденциядагы Алтын банкет залынын жанында тартылганын аныкташты. Президенттин иш башкармасынын расмий сайтында аталган жай 400 орунга ылайыктуу деп жазылган.

Ташиев мамрезиденцияда жашап жатабы?

Социалдык тармактардан үлпөт той тууралуу маалымат издеп жатып, журналисттер Ташиевдин өкүл уулунун балдары резиденцияда ойноп, ал жактан сүрөт-видео жарыялап турганын аныкташкан.

Журналисттер буга чейин резиденциянын алдында УКМКнын башчысынын Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаасы байкалганын да белгилеп өтүшкөн.

Ошондой эле Элина жана Гүлина Токтогуловалардын «Ала-Арча» резиденциясында тартылган видеолорун жарыялашкан.

«Алар резиденцияда кеминде эки жолу болушкан. “Мүмкүн алар президент, спикер же премьер-министрдин үй-бүлө мүчөлөрү” деп суроо салышыңыз мүмкүн. Жок. Алар президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин кыздары. Алар Камчыбек Ташиев менен шартуу туугандык мамиледе», — деди журналист Тыныстан Асыпбеков.

Сыргабаев Камчыбек Ташиевдин «өкүл баласы». Ал октябрдагы төңкөрүштөн кийин Жалал-Абад облусун жетектей баштаган. Ошондой эле Сыргабаев октябрдагы парламенттик шайлоодо президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев негиздеген «Мекенчил» партиясы менен катышкан. Ал тизмеде №5 катар номурда турган.

ТЕМА БОЮНЧА: Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта кызмат алган «мекенчилдер»

Ошондой эле журналисттер Ташиевдин өкүл небереси Элина Токтогулова мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 89 млн сомго курган дачада чай ичкенин ачыкташты.

«Камчыбек Ташиев Атамбаевдин үйүндө жашап жатканын бизге өздүк булактар тастыктап беришти», — деди журналист Тыныстан Асыпбеков.

Мындан сырткары журналисттер бийлик алмашкандан кийин Ташиевдин туугандары чоң кызматтарды ээлеген деп белгилешти. Мисалы, анын күйө баласы Тагайбек Казакбаев «Кыргызалтын» ААКнын директорлор кеңешмесинин мүчөсү, ал эми анын жээни Нургазы Матисаков жактоочудан Өзгөн районунун прокурору болууга жетишкен. Нургазы Матисаковдун бир тууганы Байгазыга Ташиевге таандык делген көптөгөн компаниялар катталганы ачыкталды.

Ошондой эле журналисттер УКМКнын төрагасынын уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан мандат алганын да эске салышты. Ал эми анын «өкүл атасы» Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.