Жалал-Абадда официантты сабаган киши менен Ташиевди эмне байланыштырат?

Temirov Live’дын журналисттери Жалал-Абад шаарында «Достор» кафесинде официантты сабаган кишилердин бири Нургазы Мамасадыковдун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар экенин аныкташты.

Мамасадыков 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталды. Аталган партияны Ташиев менен президент Садыр Жапаров түптөгөн.

Мамасадыков менен бирге «Мекенчилдин» ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арасында Батырбек Сыргабаев да болгон — ал Ташиевдин «өкүл баласы» жана Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаевдин бир тууган иниси.

«Батырбек Сыргабаев менен Нургазы Мамасадыковдун “Одноклассникиде” чогуу түшкөн сүрөттөрүнө карап, алардын дос экенине ынанууга болот. Батырбек ошондой эле Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев анын “өкүл атасы” экенин белгилеген», — деди журналист Актилек Капаров.

Ошол эле учурда Абсаттар Сыргабаев жана Шаирбек Ташиев 2020-жылы «Мекенчил» партиясынан талапкер болушкан.

Temirov Live’дын видеосунан алынган скрин

Официанттын сабалышы

8-октябрда «Кактус» басылмасына Жалал-Абаддын тургундары кайрылышкан. Алардын айтымында, 18-августка караган түнү «Достор» кафесине келген кардарлардын бири Камчыбек Ташиевдин тууганы экенин айтып, эсепти төлөөдөн баш тарткан.

«Ал официант менен сүйлөшүүдөн да, эсепти төлөөдөн да баш тартты. Официанттын суранычтарына маани бербеди. Көп өтпөй кафеге чымыр денелүү үч киши келип, дароо официантты сабап киришти», — деп билдиришкен алар.

Кийинчерээк ур-токмокко алгандар официантты сыртка алып чыгышып, дагы сабап, «Ташиевдин тууганы» делген кишиден кечирим сураттырган. Бирок буга карабастан Нургазы Мамасадыков официанттын жаагына урган.

Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылганда «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Бир нече күндөн кийин официант жумушунан кеткен, ал эми Жалал-Абад ШИИБси ишти жеңилрээк «Майда бейбаштыкка» алмаштырган. Милиция муну жабырлануучу алган жаракаттар «кичине эле» болгону менен түшүндүргөн.

Ал арада УКМК официантка кол салган кишинин «Камчыбек Ташиевге эч кандай тиешеси жок» деген билдирүү тараткан. Кийинчерээк шектүү Нургазы Мамасадыков өзү да кайрылуу жасап, Ташиев менен «тууганчылыгым, кудалыгым, катташым, эч кандай байланышым жок» деп билдирген.

Шаирбек Ташиевдин «досьеси»

Мындан сырткары, Temirov Live’дын журналисттери Шаирбек Ташиев тууралуу маалымат беришти. Ташиев кезектеги парламенттик шайлоого №14 Жалал-Абад шайлоо округунан талапкерлигин көрсөтүүгө БШКга арыз берген.

Журналисттер Шаирбек Ташиев 2020-жылдын 8-февралында кичи мекени Барпы айылында той өткөрүп, анда байгелер коюлган оюн-зооктор уюштурулган. Байгелердин ичинде төрт топоз, төрт токулуу ат, 20 тай, 1,5 миң доллар, бештен торпок жана кой, бир төө, алтын кур, ошондой эле төрт ВАЗ үлгүсүндөгү унаа болгон.

«Ал өткөргөн тойдогу байгелерге миллион сомду чаптаса керек. Демек “кызмат орду чоң, айлык маянасы дагы миллиондун тегерегинде болсо керек” деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок текшерип көрүп андай эмес экенине ынандык», — деди журналист Тыныстан Асыпбеков.

Ташиев 2013-жылы «Жалал-Абад» бажысынан кеткенден кийин Кыргыз-өзбек-азербайжан «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводду» жетектеп баштаган. Журналисттер заводдун бардык кызматкерлеринин маянасына жалпысынан 36,5 миң сом маяна төлөнөрүн аныкташты.

Ошол эле учурда Шаирбек Ташиев үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Бишкек шаарында 400дөй чарчы метрдик пентхаус сатып алган. Турак жай Ташиевдин уулу Өмүрбекке катталган. Ал эми анын баасы 320 миң долларды түзөт.

Ошондой эле, анын инстаграм баракчасында кымбат баалуу унаалардын алдында түшкөн сүрөттөрдү көрүүгө болот, бирок алардын баарында бир эле мамлекеттик номур тагылган. Өмүрбек Ташиев да өзүн жеке ишкер катары сыпаттаганы менен журналисттер ага катталган компанияларды таба алышкан эмес.