Орусиянын «Кондитер» теледолбоорунда кыргызстандык Анара Мурзакулова жеңишке жетти

Кыргызстандык кондитер Анара Мурзакулова 19-октябрда Орусиянын «Пятница» телеканалында өткөн «Кондитер» теледолбоорунун бешинчи сезонун жеңүүчүсү болду. Ал «Орусиянын мыкты кондитери» наамын алып, 1 млн рубль байгеге ээ болду.

Долбоордун алып баруучусу жана белгилүү кондитер Ренат Агзамов Мурзакулова жасаган торт калыстар тобун таң калтырганын билдирди. Ошондой эле Агзамов Мурзакулова «анын деңгээлине жеткен профессионал» болгонун белгиледи.

«Кондитер» шоусуна бешинчи сезону июнь айында башталган. Ал эми Мурзакулова кастингге август айында келип, калыстар тобуна эки кабаттуу, үстүнө кыргыздын улуттук кийимин кийген кыздын тулкусу коюлган торт жасап келген. Алып баруучу Агзамов торттон ооз тийип, даамын сүрөттөп бере албай жатканын айткан. «Кондитердин» калыстары бир добуш менен Мурзакулованы суперфиналга өткөргөн.

Суперфиналга жалпы 15 катышуучу өткөн — алардын ар бирине 10 сааттын ичинде атайын торт жасоо тапшырмасы берилген. Торттун салмагы 10 килограмм, узурдугу бир метрден кем болбошу керек болчу. Мурзакулова толкун жиреген деңиз каракчысына окшоштуруп торт жасап, калыстар тобун таң калтырган.

Мурзакулова 10 жылдан бери Орусиянын Москва шаарында жашайт. Ал миграцияда жүрүп, «Торт Арууке» брендин негиздеген. Учурда анын инстаграм баракчасына 50 миң киши катталган.