Президент Жапаров: Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар «ашыкча саясатташкан»

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдар «ашыкча саясатташкан» деп айтты. Мындай пикирин ал 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди.

Ал өлкөдө 17 миң өкмөттүк эмес уюм бар экенин билдирди. Жапаровдун айтымында, алардын кээ бирлери саясатташканынан улам, ал бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамдагы өзгөртүүлөргө кол койгонун айтты. Бирок президент кайсы «саясатташкандык» жөнүндө айтып жатканын тактаган жок.

«Бизде саясий коопсуздук жараткан маселелерди [бейөкмөт уюмдар] ушул чөйрөдөн көрө алабыз […] Мамлекет жана жарандык коом өзүбүз тыгыз байланышып, өлкөнү өнүктүрүү боюнча өнөктөш катарында бирдиктүү чечим кабыл алышыбыз керек. Ал эми мамлекеттүүлүккө жана саясий коопсуздукка зыян алып келе турган бейөкмөт уюмдарга мыйзам чегинде чара көрүлөт», — деди ал.

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам 

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга резонанс жараткан өзгөрүүлөргө президент Садыр Жапаров 26-июнда кол койгон. Бул өзгөртүүлөр бардык бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу отчетторун — бухгалтердик документтерди, банк эсептерин, уюмдун мүлкүн, ошондой эле кызматкерлеринин жеке маалыматтарын ачыкка чыгарууга милдеттендирет.

Муну менен катар, кайтарымсыз негизде каражат алган коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын 1-апрелге чейин салык органдарынын сайтына мурунку жыл үчүн каражат алган булактарын жана кайда сарпталгандыгы тууралуу маалыматты жайгаштыруусу керек.

Ошондой эле, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, коммерциялык эмес уюмдар сатылып алынган, колдонулуп жаткан жана сатылган мүлктөрү жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Маалыматтарды жайгаштыруунун тартибин жана формасын министрлер кабинети белгилейт.

Ошол эле кезде бул пунктарга мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин коммерциялык эмес уюмдары кирбейт.

Тема боюнча окуңуз: Парламент бейөкмөт уюмдардын ишин чектеген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды