ТИМ: Акыркы 9 айда чет өлкөдөн 332 кыргызстандыктын сөөгү алынып келинди

Иллюстративдик сүрөт

2021-жылдын тогуз айында чет өлкөлөрдөн 332 кыргызстандыктын сөөгү келди. Бул тууралуу тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин орун басары Айбек Артыкбаев 20-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

Кыргызстанга көбүнчөсү Орусияда эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктардын сөөгү жеткирилет. Ал эми 2020-жылы «жүк-200дүн» саны 285ти түзгөн.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, сөөктү чет өлкөдөн алып келүү үчүн 30 миң сомдон 18 миң долларга чейин акча керектелет. Мамлекет 2021-жыдын май айынан тарта «жүк-200» үчүн компенсациянын өлчөмүн 70 миң сомдон 18 миң долларга чейин деп белгилеген.

Буга чейин кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу үчүн өкмөт 50 миң сомго чейин компенсация төлөчү.

Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө 750 миңден ашуун кыргызстандык бар. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча чет өлкөлөргө бир миллиондой кыргыз жараны чыгып кеткен.