«Бул жерди тажиктерге бербейбиз». Бардык үйлөр өрттөлгөн Көк-Терек айылы

Мансур Кенжеевдин өрттөлгөн үйү. Сүрөт: «Азаттык» басылмасынын видеосунан скрин

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Терек айылында бардык турак үйлөр өрттөнүп, күлгө айланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыгымдын болжолдуу суммасы 18 млн сомдон ашуун деп билдирген. «Азаттык» басылмасынын кабарчылары аталган айылга барып, баш паанексиз калган тургундар менен жолугушту.

Көк-Теректе 17 кожолук жашайт. Жашоочулар өрттөнүп кеткен турак жайлардын ордуна кайра жаңысын курууну көздөшөт. Анткени Баткен шаарын Лейлек району менен, Тажикстанды Ворух анклавы менен байланыштырган жол дал ушул Көк-Терек жана Көк-Таш айылдарынын жолдорунан өтөт. Айыл элинин айтымында, бул жолдордун стратегиялык мааниси чоң.

«Башка жерге барсаң суу жок, эгин болбойт [...] А бул жерде биздин 100дөгөн теректерибиз бар, алма-өрүктөрүбүз бар [...] аларды кантип таштап кетесиң?» — дейт Көк-Терек айылынын тургуну Мансур Кенжеев.

Ал эми тургундардын бири Юсуфбек Маматов Көк-Терек айылын «бейиш» деп атап, суулуу жер экендигин белгиледи. Жаңжалда Маматовдун үч турак үйү жана эки унаасы күйүп кеткен.

«Мына [өрттөлгөн үйүн көрсөтүп — ред.] бул жерде чоң зал бар болчу, эки балам жашачу. Ичиндеги буюмдар да күйүп кеткен. Сандыкта бүт документтерибиз бар болчу, эч нерсе жок, баарын алып кетишиптир. Бир уй бар болчу торпогу менен, аны да алып кетишиптир. Малдын кулагындагы номур басылган белгисин кесип, ушул жерге таштап коюшуптур», — деп кейиди Маматов.

Көк-Терек айылы кыргыз-тажик чек арасындагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайына жакын Ак-Суу дарыясын бойлой жайгашкан. Бул аймак төрт тарабынан тең Тажикстандын айылдары менен чектешет.

Маматовдун айтымында, соңку жылдары тажикстандык кошуналар менен мамиле муздап, эки элдин ортосунда кагылышуу көбөйүп баратат. Жыл өткөн сайын бош турган үйлөрдүн саны көбөйүп, кагылышуулардын айынан жашоочулардын саны азайып барат.

Көк-Терек айылынын дагы бир тургуну Чынар Масыдыкованын да он жыл бою курган үйү күйүп кеткен. Анын Орозо айы бүтөрү менен сатууга камдап жүргөн бир тоннадан ашык өрүгү дагы эле түтөп турат.

«Жаныбыз аман калганына сүйүнүп отурабыз. Ок атылган үндөрдү угаарыбыз менен эле мыйзамсыз жол менен өтүп, ал да тажик тараптыкы, аркы айылга өтүп, андан ары качып кеттик», — дейт Масыдыкова.

Анткен менен анын бул жерди таштап, көчүп кетүү ниети жок экендигин айтат.

«Бул жерди биз тажиктерге бербейбиз. Кыргыз элинен “кайра эле ушул жерге үй тургузуп берүүгө жардам берип койсоңуздар” деп жардам сурайт элек», — дейт Масыдыкова.

Көк-Терек айылынын жашоочулары учурда Орто-Боз айылына тигилген чатырларда баш калкалап жатышат. Жааган жамгырдан улам алар чатырларда гуманитардык жардам сактап, өздөрү болсо айылдаштарынын үйлөрүндө убактылуу баш калкалоого аргасыз.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн «Клоопко» чек арадагы жаңжалда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери башталганын билдиришти. Ошондой эле, Көк-Терек айылынын тургундарын башка жайга көчүрүү маселеси каралбаганын айтышты.

Буга чейин Баткен облусунда турак жайлары өрттөлгөн тургундарга үй курулуп берилери президенттин сайтында 8-майда кабарланган. Маалыматта жергиликтүү тургундардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак жайлар курулары айтылган. Лейлек районунун Максат айылында курулуш иштери башталганы кабарланды.

Мындан сырткары, жаңжалда каза болгон 36 кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө «Ихлас» курулуш компаниясы үй кура баштаган. Ал үчүн Баткен шаарынын мэриясы калаадагы Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер бөлүп берген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Набыт болгондордун арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе, ошондой эле, үч кыргызстандык аскер бар.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдаган.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турганын билдирген. Ошондой эле, ал Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин айткан.

Кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.

Тема боюнча:

Баткен: «Ихлас» компаниясы чек ара чырында каза тапкандардын үй-бүлөсүнө үй куруп берет

Чек арадагы ок атуулардан курман болгон 36 кишинин үй-бүлөсүнө үй курула баштады