Окуучуну ажатканага жибербеген мугалимдин аракетине баа берилет

Бишкектин мектептеринин биринде сабак учурунда мугалим ажатканага жибербей койгон окуучу шымына сийип алган. Бул маалыматты «Балдардын укуктарын коргоо лигасынын» башчысы Назгул Турдубекова өзүнүн Facebook барагына жазып чыкты.

«Баланын апасы мектептин жетекчилине арызданган. Эми мугалим балага, энесине дагы басым жасап жатат. Баланы мектептен алып кетүүнү талап кылууда. Окшош окуяларды топтоп жатабыз. Эми мэриянын деңгээлинде териштиребиз», — деп жазган Турдубекова.

Ал ушуга окшогон окуяларга кабылган ата-энелерге кайрылып, жардам алуу үчүн жеке өзүнө байланышууга чакырды.

«Клоопко» берген маегинде Турдубекова бул ишти Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгы жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.

«[дааратканага жөнөтпөй коюу] бул баланын муктаждыктарын көзгө илбегендик. Ошондой эле анын базалык укуктарын ишке ашыруу укугун чектөө. Эл аралык стандарттан алып караганда, муктаждыктарды көзгө илбөө зомбулуктун бир түрү деп саналат», — деди Турдубекова.