Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 97-орунду ээледи. Аталган индексте 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган.
Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда калган. Аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөр Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак экени айтылды.
«WPS индексинин тенденциясы аялдардын макамынын глобалдык жогорулашы басаңдап кеткенин, өлкөлөр арасындагы теңсиздик күчөгөнүн көрсөттү», —деп айтылат WPS Index’тин отчётунда.
WPS индексинин көрсөткүчүнө ылайык, Кыргызстанда парламенттеги аялдардын үлүшү 2007-жылга салыштырмалуу азайып кеткен.
WPS индекстте 2017-жылга карата өнөктөшүнөн зомбулук көргөн аялдар тууралуу маалымат болгон эмес. Ал эми ушу тапта Кыргызстан Борбор Азияда жана Борбордук жана Чыгыш Европада өлкөлөрүнүн арасында эң акыркы катарда турат.
«Бул жылы биз COVID-19 пандемиясы аялардын коопсуздугуна кандай таасир бергени боюнча маалымат топтоого аракет кылдык. Жыйынтык кейиштүү. WPS индексин жакшыртуу глобалдык темпи кыйла төмөндөгөн, ошол эле учурда мамлекеттер аралык айырмачылык жогорулаган. Бул аялдардын статусундагы теңсиздиктин өсүүсүнөн кабар берет, анткени индексттин жогорку тепкичиндеги мамлекеттердин индекси жогорулап жатат, ал эми төмөн жактагылар начарлап баратат. COVID-19 пандемиясы болгон теңсиздикти күчөткөн кризисти козгогон», — деп билдиришти индексттин авторлору.
WPS индексин Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун институтунун Гендердик маселелер, коопсуздук жана тынчтык борбору ишке ашырган.
WPS индексинин лидерлери: Норвегия, Финляндия, Исландия, Дания жана Люксембург.
Аялдарга карата зордук-зомбулук
Кыргызстанда эркектер аялдарды уурдашат, зордукташат, өлтүрүшөт жана көп учурда жазасыз калышат.
Кыргызстанда ар күнү аялдардын жана кыздардын мажбурлап турмуш куруу максатында уурдалышы тууралуу белгилүү болот.
21-октябрь күнү Чүй облусунун милициясы мажбурлап никеге тургузуу максатында төрт бала тарабынан уурдалган кызды куткарган. Бир күн мурда Оштун милициясы мажбурлап никеге тургузуу максатында 19 жаштагы кызды уурдаган шектүүлөрдү кармаган.
Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча бирден-бир резонанстуу учур 27 жаштагы Айзада Канатбекова менен 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын окуясы болгон.
Тема боюнча окуңуз:
«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?
Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи
«Бир жолу мени ала качып кетишти…» Назиктин окуясы
Акыркы мыйзамга ылайык кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качкандар 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат.
Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Кыргызстанда үй — аялдар үчүн эң коопту жерлердин бири.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча аялдардын киши колдуу болгонуна байланыштуу 762 кылмыш иши козголгон. Бул өлтүрүүлөрдүн көбүн эркектер кылган — орточо эсеп менен ал он кылмыштын сегизин түзөт. Ошол эле учурда эркектерди да, аялдарды да өлтүрүү учурларынын 10%ын аялдар жасашат жана негизинен алар мындай кадамга эркектерден коргонуп жатып барышат.
*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.