Ош: Мажбурлап никеге тургузуу үчүн 19 жаштагы кызды уурдаган шектүүлөр кармалды

Ош шаарында мажбурлап никеге туруу үчүн 19 жаштагы кызды уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИББдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Адахан Арабаев тастыктады.

Анын айтымында, 19-октябрь күнү кечки саат 18:30да милицияга Ош шаарындагы Исанов көчөсүндөгү аялдамадан белгисиз адамдар кызды күчкө салып унаага салып кеткени тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын өздүк курамына багыттама берилген.

Жарым сааттан соң Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында нөөмөттө турган инспекторлор жолдон өтүп бара жаткан унаадан «жардам бергиле» деп кыйкырган кыздын үнүн байкашкан. Унаанын артынан кууп, Учкун айылындагы жол чыракка жеткенде токтотушкан.

«Токтогон унаада кыз менен шектүүлөр болгон. Мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдалган кыз Жалал-Абад облусунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталды. Аны уурдаган 25 жана 26 жаштагы жарандар дагы аталган эле облустун тургундары болгон», — деди Арабаев.

Шектүүлөр Ош шаардык милициясына өткөрүлүп берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандагы кыз уурдоо

Алина Печенкинанын Kloop.kg үчүн тарткан иллюстративдик сүрөтү.

Кыргызстанда 2013-жылы кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мындай кылмыш үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Кыргыз бийлиги кыз-келиндерди уурдагандарга жазаны 2019-жылы күчөткөн. Аталган берене боюнча кылмышкерди 10 жылга чейин камоо каралган.

Муну менен уурдоо азаят деп күтүлгөн. Иш жүзүндө андай болгон жок, уурдоо фактыларды мурдагыдай эле санда катталып, сотко жеткен иштердин саны эки эсе азайган.

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өлтүргөн. Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адам күнөөлүү деп табылып, 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Айзада Канатбекованы уурдоо. Сүрөт: Байкоочу камерадан скриншот.

Айзаданын өлүмү коомчулукта нааразычылык жараткан. Бийликке сын айтылып жаткан маалда башкы прокурор Курманкул Зулушев кыздарды никеге турууга мажбурлоо үчүн уурдоо жазасы катаалдашаарын билдирген.

Өлүм менен аяктаган ала качуу өлкөдө үч жыл мурун катталган — анда 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын өмүрү кыйылган. Анын өлүмүнө мажбурлап никеге тургузууну каалаган Марс Бөдөшөв күнөөлүү деп табылган. Ал соттун чечими менен 20 жылга кесилген.

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз эркине каршы ала качылган.

Негизги беттеги сүрөт: иллюстративдик сүрөт.

Тема боюнча:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?