Мурдагы аялын уунасынын капотунда 500 метрге сүйрөгөн кишиге иш козголду

Бишкектин Ленин РИИБинин басма сөз кызматы аялын унаа менен сүзүп, андан соң сүйрөп кеткен кишиге «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Маалыматка ылайык, М.Н. атту жаран милицияга кайрылып, кайым айтышуунун жыйынтыгында жолдошу А.А. аны унаа менен сүзгөнүн айтып, чара көрүүнү суранган. Окуя Бишкек шаарындагы Алтымышев көчөсүндө 2021-жылдын 15-октябрында, болжолу менен саат 15:00дө болгон.

Видео: Kaktus.Media.

Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, милиция анын жолдошунан күбө катары суракка алган.

Ал кишинин айтымында, ошол күнү Бишкектеги соода борборлордун биринде уулуна кийим-кече алып берүү үчүн М.Н аттуу жубайы менен жолуккан. Анда жубайлар ортосунда кайым-айтышуу болгон жана ал баласын алып кетип калган. Андан үч саат өткөндөн кийин, баланы жубайына кайтарып берген.

Ага чейин жабырлануучунун бир тууганы Kaktus.media басылмасына М.Н.дин мурдагы жолдошу күч колдонуп, баласын тартып алганын айткан. Ага каршылык көрсөтүп жолун тоскон учурда капотунда аны 500 метрге чейин сүйрөп барган жана унаадан оодарып салууга аракет кылган. Ошондо М.Н. милицияга чалган.

Бирок, жабыркаган аялдын агасынын айтымында, милиция кызматкерлери ага күйөөмө доом жок деп тил кат жазгандан кийин гана балаңды кайтарып беребиз деп айтышкан. Ал аргасыздан тил кат жазып берген. Кийин баланы кол салган адамдын апасы алып келип берген.

Милициядан тергөө иштери уланарын кошумчалашты.