Орозайым Нарматова аны кармоого буйрукту Ташиев өзү бергенин айтты

2021-жылдын сентябрында ИИМдин кызматкерлери жарандык активист Орозайым Нарматованы кармап, Ош шаарынан Бишкекке суракка алуу үчүн алып келишкен. Кармоого «өлкө жетекчилигинин дарегине негизсиз сын айтканы» себеп болгон. Нарматованын үйүндө тинтүү жүрүп, сурактан кийин бошотулган.

Орозайым Нарматова 2020-жылдын октябрь айында, парламенттик шайлоонун алдындагы дебатта. Трансляциядан скриншот.

23-октябрда президент Садыр Жапаров активист Нарматованы бошотууну ИИМден жеке өзү өтүнгөнүн билдирген.

Активист президенттин сөзүнө жооп кайтарып, аны камоого президенттин үзөңгүлөшү, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев буйрук бергенин айтып чыкты. «Клооп» активисттин кармалышы боюнча эки тараптын айткандарын чогултту.

Жапаров эмне деген?

Президенттин 23-сентябрдагы маалымат жыйынында abal.kg онлайн-басылмасынын журналисти чын эле Орозайым Нарматова «кылмышкер сыяктуу» кармап келгидей «ушунчалык коомго коркунуч келтиреби» деген суроо узаткан.

«Сиздер ойлойт окшойсуздар да, эл-журт, журналисттер мен отуруп алып: “Тигини кама, муну кама деп эле отурат”, — деп. Кечирип коюңуздар, бирок айрым учурда убакыттын жоктугунан, ажаатканага барганга убакыт болбой калат. Орозайым Нарматова убагында мага иштеген, көп жардам берген. Анан мен ушу чүкөдөй кыздын сындаганына эрегишет белем, өзүңүздөр деле анализ жасап, ойлонуп көрсөңүздөр. Мен баламды бычырата тебелеп кеткен адамды деле кечиргем, кой эми бул кырсык экен деп. Анан ушул кызга теңелет белем? […] Мен бул камоо [Нарматованын камалуусу] тууралуу кеч билдим, анткени түрк делегациясы менен Ысык- Көлдө болчумун […] ИИМге чалып, бошотуусун сурандым. Мен бирөөнү камагыла дебейм, тескеринче көп учурда бошотууну сурайм. Мен кама деп эч убакта айтпайм», — деп жооп берди Жапаров.

Андан соң Жапаров Нарматовага кандай айып тагылып жатканын тактап сураган. Президенттин айтымында, ИИМ Нарматованын айткандарында өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга алып келүүчү чакырыктар бар экенин айткан.

«Андан кийин мен аны кармабагыла, чыгарып коюп эле сурагыла деп айттым […] Журналистпи, блогерби же карапайым жаранбы, айткан сөзүнө жооп бериши керек. УКМК, ИИМ да өз ишин кылып жатат. Алар эмне үчүн чакырык жасаганын, сенде канча курал бар, канча бала алып келе аласың деп сүйлөшүп жатса ИИМ карап олтуруш керекпи? Алардын өзүнүн иши да бул. Эгер чыны менен эле коомчулукка коркунуч келтирсе камайт, келтирбесе бошотот. Мындан эч трагедия жасаштын кереги жок», — деген ал.

Нарматова эмне дейт?

Активист өзү аны кармоо тууралуу буйрукту президент Жапаровдун жакын санаалашы жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү бергенин айтып чыкты.

Минкабдын төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Фото: Өткүрбек Рахмановдун фейсбук барагы

«Бул боюнча УКМК иш козгогон. Кийин ИИМге түртө салышты», — деп билдирген ал.

Анын айтымында, милиционерлер аны коркунучтуу кылмышкер сыяктуу кармап, кол баштыгындагы гигиеналык каражаттарына чейин аңтарышкан.

«Менден жөн гана сурак алышкан жок. Моралдык жактан кысым көрсөтүштү. Болбосо телефондон деле алышса болмок да» , — деп билдирген ал.

Нарматованын айтымында, президенттин «ал өлкөдөгү кырдаалды дестабилизация кылууга чакырган» деген сөзү жалган.

«Мен мыйзамдуулукка чакыргам. Мен өз жерибиз, элибиз жана келечегибиз үчүн күрөшүүгө чакыргам. Ушундай эле чакырыктарды сиз [Садыр Жапаров] түрмөдө отурганда дагы кылгам», — деген активистка.

Ошондой эле ал, «эгер күнөөм бар болгон болсо, мени бошоткону үчүн президентке ыраазы болмокмун» деп кошумчалаган.

Нарматова Садыр Жапаров мурдагы президенттердин катачылыгын кайталап жатат деп эсептейт. Анын оюу боюнча, президент Садыр Жапаров өлкөдөгү реалдуу маселелерди чечүүнүн ордуна, оппоненттерин, алардын ичинде Адахан Мадумаровду каралоо менен алек болуп жатат.

Нарматова деген ким?

Орозайым Нарматова 2015-жылдан 2018-жылга чейин Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев негиздеген «Мекенчил» партиясынын мүчөсү болгон. Ал эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Кийинчерээк ал «Мекенчилден» партия менен саясий көз караштары дал келбей калганы үчүн кеткенин айтып берген. Ал түшүндүргөндөй, «Мекенчилдеги» «айрым топтор» ошол кезде жаңы дайындалган — экс-президент Сооронбай Жээнбеков «Жапаровду түрмөдөн чыгараарын» айтышып, аны «катуу колдоого» өтүшкөн. Бул Нарматованын партиядан чыгып кетүүсүнө себеп болгон.

Орозайым Нарматова 10-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалып, андан кийин Бишкекке алып кетишкендиги тууралуу кабарланган. Нарматова Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге бергенден кийин кайра Орусияга кайтып жатканда кармалган. Нарматова «Рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча тагылган айыптын негизинде кармалганы айтылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча ал «мигранттардын жана Кыргызстандын аймагында жарандардын арасында нааразычылыктарды ырбатуу үчүн» бийликке сын айткан.

Бул коомдо чоң резонанс жаратып, андан соң ИИМ жарандык активистти күбө катары суракка чакырып, андан соң бошотулганын жарыялаган.

Тема боюнча дагы окуңуз: «Басмачы болбосо». Орозайым Нарматованын Өзгөндөгү үйү тинтүүгө алынды