«Басмачы болбосо». Орозайым Нарматованын Өзгөндөгү үйү тинтүүгө алынды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын атасы Көчкөнбай Нарматов «Азаттыкка» маек куруп, 10-сентябрда анын Ош облусунун Өзгөн районундагы үйүн милиция кызматкерлери тинтигенин айтып берди. Ошол эле күнү күч органдары Нарматованы Ош эл аралык аэропортунан кармап, Бишкекке суракка жеткиришкен.

«Милициялар келип эле “өйдө жактан буйрук келди, ага капа болбоңуз” деп эле тинтип киришти. Шкафтардын баарын ачып биздин документтерди чачып, баарын аңтарды. Биз жаткан бөлмөгө чейин киришип, биздин кийимдерди чачышты. Андан кийин башка бөлмөгө кирип төшөктөрдү аңтарды», — деди Нарматов.

Нарматовдун айтымында, үйгө келген милиция кызматкерлери анын кызы Орозайым «төңкөрлүшкө даярданып, үгүт кагаздарды жасаса керек» деген жүйөө менен тинтүү жүргүзгөн.

«Мен айттым аларга “инилер, андай жок, ал Москвада жашайт” дедим. [Бир ай мурун] бир тууган агасынын сөөгүн алып келди, ошону коюп кетип аткан. Ал террорист болбосо, басмачы болбосо. Булар өзүбүздүн документтер, “биз ошондойду [төңкөрүшкө чакырган үгүт кагаздарды] ушул жерге сактамак белек?” дедим», — деди ал.

Ошондой эле, Нарматов ар бир жыл мурун жубайынан айырылып, бир ай мурун жалгыз уулунан айрылганын билдирип, бул ата үчүн аябай оор экенин айтты. Нарматов анын кызы «чындыкты айткандыктан бийликке жакпай» кармалган деген пикирде. Мындан сырткары, ал жакын арада дарыгерлер Орозайымдын «омурткасы кыйшайып калганын, эгер дарыланбаса майып болуп калаары» аныктаганын кошумчалады.

Милиция Нарматованы кармаган күнү анын атасы бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасап, эгерде милиция кызын бошотпосо «Өзгөн районунун акимчилигине барып, өзүн өрттөөгө даяр экенин» белгиледи.

Буга чейин Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын жетекичисинин орун басары Абилбек Алимкулов саясатчынын Өзгөндөгү үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүн тастыктаган. Алимкуловдун айтымында, тинтүү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган чечимдин негизинде жүргүзүлгөн.

Активисттин кармалышы

Орозайым Нарматова 10-сентябрда таңкы саат беште Ош эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкек шаарына унаада алып кетилгени белгилүү болгон. Активист Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге берип, кайра Орусияга кайтып жатканда кармалган.

Бул коомчулукта кескин түрдө нааразычылык жаратып, бир катар депутаттар, саясатчылар Нарматованы колдоп чыгышты. Ош ОИИБдин жана ИИМдин имаратынын алдында активистти колдоп чыккандар митингдерди өткөрүштү.

Алгач ИИМ Нарматованы ачык эле бийликти сындап жүргөнү үчүн кармалды деп билдирди. Ага «Улуттар аралык, рассалык, этносттук, диний багытта кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылган болчу.

Коомчулукта жаралган нааразычылыктардан кийин министрлик «Нарматова иште күбө катары өтүп жатат» деп позициясын өзгөрттү.

Ошол эле күнү кечинде Нурматова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына пост жазып, «баары жакшы» экенин айтып, таңга маал кайрадан Москва шаарына учуп кетээрин айтты. Ошондой эле активист тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койгонун жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгилеген.