«Мекенчил» партиясынын мурдагы тең төрайымы, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун мурдагы жигердүү тарапташы, шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Орозайым Нарматова «Клоопко» маек курду.
Анда ал мурда «Мекенчилди» эмне үчүн тандаганын жана эмне үчүн андан кеткенин, Жапаровду эмне себептен колдоп жүргөнүн жана анын учурдагы кадамдарына карата позициясын билдирип, пикирлери менен бөлүштү.
«Жапаровду тандаганымдын башкы себеби — ал “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыккандыгы болчу»
Нарматова «Жаштар коому» бирикмесинин негиздөөчүсү, активист. Ал «Мекенчил» партиясынын катарында 2014-жылдан 2018-жылга чейин болгон.
«2014-жылы Жапаров мага фейсбук аркылуу байланышып, “Мекенчил” деген партиясы бар экенин айтып жана ал партиясын жаштарга берээрин убадалап, активдүү жаштарды социалдык тармактар аркылуу командасына тарта баштады. Аны тандаганымдын эң башкы себеби Жапаровдун “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыккандыгы болчу», — деди ал.
Ал 2015-жылдын февраль айынан тарта башка жаштар менен «Мекенчилдин» долбоорун элге жарыялап, коомчулукка тааныта баштаган.
«Жапаровдун “Кумтөр” боюнча жазылган китептерин, парламентте сессияда сүйлөгөн видеолорун дисктерге басып чыгарып, элге максималдуу түрдө көчөмө-көчө таратып жүрдүк. Садыр Жапаровду “улуттук лидер” катары сыпаттап, “бизге окшогон таза жаштар колдоп жатат” деп элдин сүймөнчүгүнө жеткирүүгө бүт күчүбүздү жумшаганбыз», — деп эскерди ал.
Анын айтымында, 2016-жылы ушул эле аракеттер Орусияда да болуп, мигранттардын колдоосу менен Ош шаарында Жапаровду колдогондордун чоң штабы түзүлгөн. Нарматова штабдагылар Жапаровдун идеясын элге таратуу үчүн «өтө чоң эмгек кылышканын» белгиледи.
«Ал камалганда эң көп куугунтукту көргөн биз болдук»
Активист «Жапаров камалганда эң көп куугунтукту көргөн биз болдук» дейт. Муну менен катар ал Жапаров камалганда да штаб өз ишин улантканын, бирок «кызыктын баары 2017-жылдагы президенттик шайлоодо башталганын» айтты.
Анын айтымында «Мекенчилдеги» «айрым топтор» ошол кезде жаңы дайындалган — экс-президент Сооронбай Жээнбеков «Жапаровду түрмөдөн чыгараарын» айтышып, аны «катуу колдоого» өтүшкөн. Бул Нарматованын партиядан чыгып кетүүсүнө себеп болгон.
Бул окуядан кийин Нарматова абактагы Жапаровго кайрылып, «Жээнбеков аны абактан чыгарбасын, анын ордуна “Мен мыйзамсыздыктарга макул эмесмин” кыймылын түптөгөн саясатчы Адахан Мадумаровду колдоону» сунуштап жүргөн.
«Жапаров ар дайым “мен түрмөдөн чыгайын анан баарын жайгарам, Мадумаровдун кыймылын колдой бергиле” дейт эле. Бирок мен “Жапаровду камап коюшу мүмкүн, бирок ал көтөрүп чыккан идея камалбашы керек” деп “Мен макул эмесмин” кыймылына кошулдум», — деди ал.
Анын айтымында, аталган кыймыл Нарматованын талапкерлигин «Бүтүн Кыргызстанга» сунуштагандыктан, ал жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо дал ушул партия менен барган.
«Жапаровдун “Кумтөр” боюнча көтөргөн демилгелеринин баары бийликке жетүү үчүн гана болгондой»
Нарматова Жапаров түрмөдөн чыкканда кубанганын айтат. Бирок анын премьер-министрликке талапкер болуп жатканда «“Кумтөрдө” алтын түгөндү, эми аны элге кайтаруунун кажети жок» деген билдирүүсү аны «ирээнжитип» койгон.
«Ал ар дайым бизге “Кумтөрдө” миң тоннадан ашык алтын бар, кенди элге өткөрсөк мугалимдердин айлыгы кеминде миң доллар болот” деп айтып келчү. Ушул убакытка чейин болгону 400 тонна алтын казылып кетти. Билдирүүсүнөн кийин анын “Кумтөр” маселеси боюнча көтөргөн демилгелеринин баары бийликке жетүү үчүн гана болгондой сыяктанат», — дейт Нарматова.
«Жапаровдун кадамы өзүнүн жана аны колдогон чектелген топтун гана кызыкчылыгы үчүн деп ойлойм»
Ошондой эле Нарматова Жарпаровдун 6-октябрдан кийинки аракеттеринин баарына «соодалашуу деп баа берерин» айтып, «бул аракеттер тарыхта жакшы из калтырбайт» деп эсептейт.
Мындан сырткары ал «Жапаров 5-октябрдагы миңдеген адамдардын нааразычылыгын эске алып, шайлоону жылдыруу тууралуу кеңешсе болмок» дейт.
«Конституциялык реформа албетте болушу керек, бирок элдин нааразычылыгына себепкер болгон 6-чакырылыш менен эмес жаңы парламент, жаңы президент менен болушу керек эле. Жапаровдун кадамы өзүнүн жана аны колдогон чектелген топтун гана кызыкчылыгы үчүн деп ойлойм», — деди ал.
Ал Жапаровдун «акыркы кадамдарын колдой албасын» айтып, муну «анын мыйзамсыз жолго түшүп алганы» менен байланыштырды. Ошондой эле ал Жапаров менен түрмөдө болгон учурда «байма-бай байланышып турганын айтып, бийликке баргандан бери байланышпаганын» билдирди.
Ошондой эле ал «Жапаровдун айланасында жүргөн кишилер аны аңга түртүп кетээрине шегим жок» деп кошумчалады.
«Анткени Жапаров камалганда алардын бири да жанында болгон эмес. Аларга бизге окшогон жаштар Жапаровго топтоп берген электораты гана кызык жана анын репутациясынан пайдалануу гана керек экенин баамдасак болот», — дейт ал.
«Жапаров кадрларды тандоодо жалаң эле жердештерин жана соодалашып алган адамдарды кызматка алып баргандай сыяктанат»
Активист Жапаровдун экс-бажычы Райымбек Матраимовго карата иш-аракетинде «түк калыстык жок» дейт. Мындан улам ал «өлкө сөзүндө турбаган саясатчылардын айынан өнүкпөй жатат» деген пикирде.
«Отурганына [Жапаровдун бийликке келгенине - ред.] жыйырма күндөн ашты, олуттуу өзгөрүү көрбөй жатабыз. Ал кадрларды тандоодо жалаң эле жердештерин жана соодалашып алган адамдарды кызматка алып баргандай сыяктанат», — деди Нарматова.
Ошондой эле ал, Жапаров президент болуп дайындалса «улуу реформаларга бара алышына көзү жетпей калганын» айтат. Муну ал «Жапаров ар дайым жанындагылардын сөзүн угуп, жалгандарга жетелене бергени» менен түшүндүрдү.
«Кенедей бир партиянын ичин тартипке сала албаган киши мамлекетте тартипти орното алаарына ишене албай калдым. Ага мисал ошол эле кечээ митингде колдоп жүргөн тарапташтары бири мэрликти, бири кеңешчи болууну талап кылып чыгышты. Чыныгы мамлекеттин келечегин ойлогон адам эч ким менен соодалашпайт. “Мени шайласаң, колдосоң ушул кызматты берем” деген адамдан эмнени күтсө болмок эле», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Садыр Жапаровдун абактан бошотулушу
Жапаровдун тарапташтары аны УКМКнын ТИЗОсунан 2020-жылдын 6-октябрынын таңында, Ак үй алынгандан кийин, камактагы башка саясатчылар менен кошо бошотуп чыгышкан. Жапаров дароо эле премьерликке келүүгө аракеттерди көрө баштаган. Муну тарапташтары дагы талап кылып, айрым депутаттар аларга карата коркутуулар болгонун айтып чыгышкан. Садыр Жапаров премьерликке бекитилген күнү, Алмазбек Атамбаев колго түшүрүлүп, кайрадан абакка кайтарылган.
Жапаров менен сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен. Парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткарышы керек болчу, бирок премьер-министрдин тарапташтары анын да отставкасын талап кылышып, өлкө башчысынын милдетин Садыр Жапаров аткарышын каалашкан. Жыйынтыгында Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, анын ыйгарым укуктары автоматттык түрдө Садыр Жапаровго өткөн.