ИИМ Орозайым Нарматова бийликти сындаганы үчүн кармалганын тастыктады

Орозайым Нарматова

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова «Рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча тагылган айыптын негизинде кармалганы белгилүү болду.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Нарматовага иш коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу максатында интернет айдыңында жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында козголгон.

«Орозайым Нарматова "Мен макул эмесмин" жана "Менин укугум бар" коомдук кыймылдарынын лидери болуп Орусиянын Москва шаарында бир нече жылдан бери конференцияларды уюштуруп келет. Иш-чараларда эмгек мигранттарынын жана кыргыз жарандардын арасында нараазычылыктарды күчөтүү максатында негизсиз сындарды дайыма айтып келген», — деп белгилешти министрликтен.

Мындан сырткары, Нарматованын билдирүүлөрүндө «Кыргызстандын бийлигинин ишмердүүлүгүн дискредитациялоо жана терс чакырыктарды жасаган белгилер бар экени» кабарланды. Анын акыркы ишмердүүлүгү «региондор аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга шарттарды түзүү үчүн терс маанайдагы коомдук пикирди калыптандыруу максатында коомдук-саясий процессти бир багыттуу чагылдырууга багытталганы» айтылды.

«Укук коргоо органдары одоно мыйзам бузушту»

Нарматованын жактоочусу Сейитбек Довронов «Клоопко» активисттин кармалышы мыйзамсыз экенин билдирди. Довроновдун айтымында, укук коргоо органдары ага Нарматова менен жолугушууга уруксат берген эмес. Аны Бишкекке адвокаттын коштоосу жок алып кетишкен.

«Орозайым мага эрте менен саат 04:30да “кармап калышты” деп чалганда эле аэропортко бардым. Бирок бизди киргизишкен жок. Кийинчерек саат 05:00дө унаа менен чыгып кетишкенин көрдүм. Ош ОИИБинин тергөөчүлөрүнөн сурасам, кече Биринчи май райондук соту Нарматованын “жеке буюмдарын тинтүү боюнча токтом чыгарыптыр” дешти», — деди Довронов.

Андан соң Довронов Нарматова менен телефон аркылуу байланышкан. Анда Нарматова ага «мени 5-6-майда элди уюштурууга аракет кылган, бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык таштаган, бийлик өкүлдөрүнө карата катуу сын айткан деген жүйөө менен күнөөлөп атыптыр» деп айтканга үлгүргөн.

«Орозайымдын 15 күн мурда бир тууган агасы өткөн болчу. Ушинтип аза күтүп, чыркырап турган убакта бийликтин жана укук коргоо органдарынын өтө аша чапкандыгы, одоно мыйзам бузгандыгы туура болбой калды. Анткени Орозайымдын интернетке чыгып жүргөнүн биз да көрүп жүргөнбүз, ал жерде ал бир да жолу бийликти басып алууга элге чакырык таштаган учур болгон эмес. Мында сырткары, ага “Улуттар аралык, рассалык, этносттук, диний багытта кастыкты козутуу” боюнча чакырык кылган дешиптир, бул да караандай калп», — деп кошумчалады жактоочу.

Ошондой эле, Довронов укук коргоо органдары Нарматованы аэропорттон кармабай, буга чейин Кыргызстанда жүргөн убагында атайын чакыруу кагазы менен тергөөгө чакырышса болмок дейт. Анын айтымында, муну менен укук коргоо органдары өзүнүн чабалдыгын көрсөттү.

«Нарматова аза күтүп, агасынын кыркын өткөргөнгө чейин жүрдү. Аны коркунучтуу кылмышкер катары аэропорттон бекинип келип кармап кетишпей, чакыруу кагазын беришсе ал жөн эле чакырган жерге бармак. Каракчылык жолу менен мынтип кармап кеткени аша чапкандык болуп жатат», — дейт Довронов.

Орозайым Нарматованын кармалышы

Орозайым Нарматова 10-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалып, андан кийин Бишкекке алып кетишкендиги тууралуу кабарланган. Нарматова Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге бергенден кийин кайра Орусияга кайтып жатканда кармалган.

Орозайым Нарматова өзүнүн соцтармактагы баракчаларынан бийликтин аракетин активдүү сындап келет. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен барган.

Ага чейин ал учурдагы президент Садыр Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясынын тең төрайымы болгон. Нарматова «Клоопко» берген интервьюсунда анын партиядан чыгып кетүүсүнө башка мүчөлөр ошол кезде президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековду колдоп кеткени себеп болгонун айткан.

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «президент жана кызматта турган кишилерди сындагандар» жоопко тартыла тураганын билдирген. Ташиевдин айтымында, учурда коомчулукта «радикалдаштыруу» жүрүп, мамлекеттик төңкөрүшкө «үндөгөндөр» да бар — УКМК алардын баарын «каттоого алып жатат» деген Ташиев.

«Азыр өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү ар бириңер жазылып, ар бириңерди каттоого алып жатабыз. Ошондой эле азыр чет өлкөдөгүлөрдү бул жака алып келүү боюнча башка өлкөлөр менен келишим түзүлүп жатат. Ошондуктан урматтуу жарандар, токтоткула! Коомчулукту радикалдаштыруунун, төңкөрүшкө чакыруунун кереги жок. Мунун жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы мүмкүн», — деп эскерткен ал.

Анткен менен Ташиевдин бул билдирүүсү соцтармактарда кескин сынга алынып, ал эми юристтер «өлкө башчысынын дарегине айтылган негативдүү билдирүүлөрдү талдоо УКМКнын иши эмес» деп айтышкан.

Тема боюнча:

«Агасынын тажыясына келген». Ош аэропортунда Орозайым Нарматованы кармап кетишти

Орозайым Нарматова: «Мурдагы Садыр Жапаров азыркы Садыр Жапаровго каршы келет»