Ангеме ойдон чыгарылган. Материал Борбордук Азиядагы IDEA уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жаштар тандайт» долбоорунун алкагында жазылды.

Көл жээгиндеги айылды эстен тандырган таң калычтуу окуянын биринчи бөлүгүн бул жерден, ал эми экинчисин бул жерден окуңуз.

Эки ай мурда Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылына метеорит түшүп, таң калычтуу көрүнүштөр байкалган. Айылга эл өкүлдөрү келип, элдин абалын сурагандын ордуна үгүт барактарын таратып кеткен. Азаматтын жездеси ооруп, таежеси аны шаарга алып баруу үчүн унаа таппай убара. Активист Сабыр байке Азаматка «бардык сурооңо жооп алсаң болот» деп кичинекей китеп берген. Ал курбусу Аяна менен андагы текстти түшүнүүгө аракет кылат.

Үчүнчү эпизод: «Сары алмурут»

Көл жээгине чогулган эл үйлөрүнө тарай баштады. Кичинекей китепти колтугуна кысып чоң көчө тарапка бара жаткан Азамат таежесинин күйүгүп турганын көрүп, чочуп кетти. Ага дароо жетип барды:

— Бул жерде эмне кылып жүрөсүз, жездеме бир нерсе болдубу?

— Жездеңди тезинен ооруканага алып барыш керек болуп жатат, бир да унаа токточудай эмес, — чоң көчөнү бойлоп бир топ киши келе жатат, Сабыр байке Азаматтын таежесинин түрүн көрүп топтон суурулуп чыкты:

— Анара эже, баары жакшыбы? — Азаматтын таежеси абалын шаша-буша түшүндүрүп берди, Сабыр байке кейип: «Азыр унаамды от алдырып келем, кабатыр болбоңуз», — деп үйүнө шашып калды. Көп өтпөй Сабыр байке Анара эженин үйүнүн дарбазасына келип токтоду. Алар Азаматтын жездесин көтөрүп келип унаага отургузду. Ак түстүү унаа бейтап менен Азаматтын таежесин алып шаарды көздөй бет алды. Азамат болсо үйүн көздөй жөнөдү.

Көчөдө бак-дарактар желге ыргалып, туруштук бере албаган жалбырактар сапырылып түшүп жатат. Азамат чоң көчөнү бойлоп келип, үйүнө бурулганда курдашы Аянаны кезиктирди — арык чырай, кара тору келген сулуу кыз бөбөгү менен сейилдеп жүргөн экен:

— Кандайсың Аяна? Сейилдегени чыктыңарбы?

— Бөбөгүм эшикке ойногум келип жатат дегенинен чыккам. Боз түшүп, аба дагы бир башкача болуп жатат го, — Азамат кечээ терезенин түбүндө отуруп, жерге түшкөн алмадан буу чыкканын көргөн. Ошол окуя эсине кылт дей түштү, «бирок аба андан деле бузулбаса керек» деп ойлоду.

— Ооба, жамгыр жаайт окшойт. Сен чогулушка барган жоксуңбу?

— Жок, ата-апамдар үйдө жок эле. Колуңдагы эмне?

— Аа, булбу? Чогулушта турсак Сабыр байке берди, бардык сурооңо жооп алсаң болот дейт. Эмне экенин билбейм. Бирок окугум келип жатат, кааласаң бирге окуйлу.

— Макул, мага да кызык болуп кетти. Жүрү биздин үйгө, мен болсо бөбөгүм менен эч жакка бара албайм, — Аяна бөбөгүнүн чачынан сылады, төрт жашар сүйкүмдүү бала эжесинин этегине корголой түштү.

Үйгө кирип, Аяна ысык чай даярдап, дасторконго жаңы жасалган кыям койду — «Кыямды бөбөгүм аябай жакшы көрөт. Себеби алмуруттан жасалган». Азамат чай ичип, убакытты созбой кичинекей китепти барактады — эң алгачкы бетиндеги «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамы» деген бакыйган жазууну окуду. Аяна аны суроолуу карады:

— Негизи бул эмне жөнүндө эле?— Апамдар метеориттен пайда болгон көйгөйдү парламент чечип бере алат деди, ал эми Сабыр байке ал үчүн «элдин кызыкчылыгын көздөгөн эл өкүлдөрү болуш керек. Тандоо менен ар бир адам өлкөдөгү абалга таасир эте алат экен. Талапкерлердин арасынан эң мыктысын тандоо — адамдын негизги укугу» дейт Сабыр байке. Бул китептен шайлоо укугубуз тууралуу бардык суроого жооп алсак болот окшойт, — Аянанын бөбөгү жердеги оюнчуктар менен ойноп жатат. Азамат китепти барактаганын улантты:

— Шайлоодо добуш берүү жашыруун болот, ал эми бардык шайлоочулар тең укуктуу. Жарандар өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырат. Аларды шайлоого катышууга же катышпоого эч ким мажбурлай албайт.

— Демек, шайлоочунун кимге добуш бергенин эч ким билбесе жакшы экен да.

— Ооба, болгону шайлоого катыша турчу адам 18 жашта болушу керек. Мисалы быйыл экөөбүз шайлоодо каалаган талапкерге добуш берсек болот, — Азамат кайрадан китепке үңүлдү.

— Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу.

— Эми түшүндүм, бир гана добуш берүү менен чектелбей, биз дагы талапкерлигибизди койсок болот турбайбы. Шайлана алат экенбиз.

— Ооба, аны мен дагы апаман кызыгып сурагам. Бирок эл өкүлү болуш үчүн 25 жашка толуп, жогорку билимдүү болушубуз керек экен. Кийин экөөбүз сөзсүз аракет кылып көрөбүз, — Азамат китептин экинчиэкинчи бетин барактады.

— Депутаттар белгилүү бир мөөнөткө шайланат, мөөнөтү аяктагандан кийин жаңы чакырылыш кайрадан добуш берүү аркылуу тандалат. Демек мезгил-мезгили менен конституцияда белгиленген мөөнөттө шайлоо өтүп турат. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү ачык-айкын жүзөгө ашырылат, — ушул учурда Аяна Азаматка суроо узатты:

— Канча эл өкүлү болушу керек? Алар кандай шайланат?

— Апамдар 90 эл өкүлү шайланып келет деген. Азыр алар кандай шайланаарын издеп көрөйүнчү, — Азамат китепти барактады. Ал күбүрөнүп ичинен окуган соң, Аянага түшүндүрө баштады:

— Биздин эл өкүлдөрү бул жолу аралаш шайлоо системасы менен шайланат экен. Башкача айтканда 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен шайланса, калган 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланат. Тагыраагы, айрым депутаттар партия менен аттанса, айымдары бир аймактан жеке өзү көрсөтүлөт. Кызыгы бул ирет партияга эле эмес, анын ичиндеги ар бир талапкерге добуш берсең болот экен, — Аянанын бөбөгү оюнчугун көтөрүп сыртты көздөй жөнөдү. Бирок Азамат менен Аяна китепке берилип кеткендиктен аны байкабай калды.

— Мен жакшы түшүнө албай калдым, кантип ар бир талапкерге добуш беребиз?

— Мисалы мен участкага келип, маалыматтарым тастыкталган соң мага эки дүмүрчөк берилет, мен аны бюллетенге алмаштырам. Эгер мен өзүм жашаган аймактан добуш берсем мага эки бюллетень берилет. Бирөө партиялык тизме боюнча аттанган талапкерлер үчүн, экинчиси округдук тизме боюнча. Добуш берүү кабинасына барып, өз каалоом менен бир партияны белгилейм, андан соң бюллетендин төмөнкү бөлүгүнөн ошол эле партиянын тушундагы мен каалаган талапкердин номерине белги коём — эң негизгиси мен добуш бергим келген адамдын партиядагы номерин билишим керек. Экинчи бюллетенде болсо биз жашаган аймактан талапкер болгондордун фамилиясы көрсөтүлгөн, ага да белги коём. Эң негизгиси, белги көрсөтүлгөн жерге туура коюлушу керек.

Аянанын бөбөгү бакчаны көздөй бет алды. Сыртта жел жүрүп, бактагы алмуруттар жерге күбүлүп түшүп жатат. Жерге күч менен түшкөн алмурут бөлүктөргө бөлүнүп, ичинен чыккан буу асманга көтөрүлдү.

— Эми түшүнүктүү болду окшойт. Алгач тизмеден партияны тандап, анын ичиндеги добуш бергим келген кишинин номерине белги коёт турбаймынбы. Ал эми бир мандаттуу округдан тандалгандардын атынын тушуна белги коём.

— Дал ошондой. Бирок эки бюллетенде тең «Баарына каршы» деген жери бар. Эгер бир дагы талапкер көңүлүңө жакпаса, баарына каршы белгисин тандасаң болот.

— Аа жакшы экен, ар бир адамдын тандоосун сыйлаш керек. Эгер адам эч ким татыктуу эмес деп ойлосо, ал дагы тандоосун жасаш керек, — сырттан аянычтуу үн угулду — кимдир бирөөнүн жаны кыйналып жаткандай. Аяна дароо иниси ойноп отурган жакты карады — ал жерде эч ким жок. Аяна сыртты көздөй чуркап чыкты, артынан Азамат да шашылды.

Сыртка чыкса Аянанын иниси жерде жаткан экен. Денесинде кочкул-көк тактар пайда болуптур. Жанында тиштелген сары алмурут жатат.

Көл жээгиндеги айылды эстен тандырган окуянын уландысын кийинки бөлүмдөн окуй аласыз.

Автору: Найзабек Мукамбетов

Сүрөт: Дарья Удалова