COVID-19: Акыркы суткада 116 жаңы учур катталып, эки адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 29-октябрга карата коронавирустун 116 жаңы учуру катталды, эки бейтап каза болду. Илдеттен 36 адам айыкты.

  • Бишкек шаарында — 54;
  • Чүй облусунда — 33;
  • Ысык-Көл облусунда — 13;
  • Жалал-Абад облусунда — 6;
  • Ош облусунда — 3;
  • Ош шаарында — 2;
  • Талас облусунда — 2;
  • Баткен облусунда — 2;
  • Нарын облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 181 105ке жетти. Ал эми өлкө боюнча 175 493 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 666 адам көз жумду.

Учурда 708 бейтап ооруканаларда, ал эми 699 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 29-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 5 156 адам, ал эми экинчи дозасын 6 106 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.