«Ыйман Нуру» жана айрым талапкерлерге карата жазылган арыз УКМКга жөнөтүлдү

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-октябрдагы отурумунда «Кыргыз баалулуктарды коргоо кыймылы»коомдук уюмунун «Ыйман Нуру» партиясы жана айрым талапкерлердин үстүнөн жазган арызын карап чыкты.

Арыз берүүчүлөр «Ыйман Нуру» жана талапкерлер Турсунбай Бакир уулу, Шүкүрбек Эркебаев (экөө тең «Ата-Журт Кыргызстан»), Мыктыбек Арсанбек («Азаттык»), Руслан Бекназаров «диний жана экстремисттик негизде» саясий бирикме түзгөнүн билдиришкен. Мындан улам «Кыргыз баалулуктарды коргоо кыймылы» партия жана талапкерлердин каттоосун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Коомдук уюм өзүнүн арызындагы жүйөөлөрүн бышыктоо үчүн аталган талапкерлердин фейсбукта жасаган билдирүүлөрүнүн скриншотторун да тиркеген.

Боршайком «Кыргыз баалулуктарды коргоо кыймылы» коомдук уюмунун арызын канааттандырган жок. Ошол эле учурда БШК партиянын жана аталган талапкерлердин аракеттеринде экстремизмдин белгилеринин бар-жогун аныктоо үчүн коомдук уюм берген арыздын көчүрмөсүн УКМК жана Дин боюнча мамлекеттик комиссияга жиберди.

Ал эми БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров «Ыйман Нуру» партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн мыйзам чегинде катталганын кошумчалады.

«Ыйман Нуру» партиясы

«Ыйман Нуру» партиясы 2012-жылдын июнунда каттоодон өткөн. Аны «Мекеним Кыргызстан» жана «Биздин Кыргызстан» партияларын негиздеген депутат Айбек Осмонов түптөгөн.

Саясий бирикме өзүн адилеттүүлүк жана өнүгүүнүн партиясы катары тааныштырып келет. Ошол эле учурда анын урааны «Ыймандуу бийлик — берекелүү жашоо!»

2020-жылы августта партиянын лидери катары Нуржигит Кадырбеков жарыяланган. Анткени Айбек Осмонов партиянын өз каалоосу менен чыгып кеткен. Парламенттик шайлоого чейин партиянын тең төрагасы болуп Чыңгыз Макешов дайындалган.

Ал журналисттерге Осмоновго экс-бажычы, коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимов басым кылгандыктан ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынан кетүүгө аргасыз болгонун билдирген.

Ошол эле учурда Осмонов өзү өлкөдөн кысымдан улам эмес, бизнес боюнча иштерине байланыштуу кеткенин айткан. «Мекеним Кыргызстандын» өкүлдөрү аларга даректелген айыптарды төгүндөп, «бир дагы партияга басым болбошу керек» деп билдиришкен.

Ал эми Нуржигит Кадырбеков октябрда бийлик алмашып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылгандан кийин маданият министри болуп дайындалган. Бирок Министрлер кабинетинин курамына кирген эмес.