БШК депутат Дастан Бекешевге мөөнөтүнөн мурда үгүт кылганына байланыштуу кат түрүндө эскертүү берди. Бул чечимге БШКнын 1-ноябрдагы отурумунда 10 мүчөсү добуш берди.
«Жумушчу топ Дастан Бекешевдин коомдук тармактагы барактарынын жана сайтындагы тексттерге көңүл бурду. Билдирүүлөрдө мөөнөтүнөн мурда үгүт кылуунун белгилери бар. Билдирүүлөрү 2021-жылдын мартынан башталат, шайлоо болсо 2021-жылдын 29-августунда белгиленген», — деди БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Медина Кутбердиева.
Бекешев БШКнын бул чечимине макул эмес. Ал телеграм-каналында жумушчу топ мындай чечимди лингвистикалык экспертизанын корутундусу жоктугуна карабай чыгарды деп билдирди.
«Негиз катары бул сөздү алышкан: “мен чындыкты айтууга жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого убада берем”. Мага күлкүлүү болду. Бул ар бир чиновниктин, депутаттын жана мамлекеттик кызматкердин милдети. Алар чындыкты айтып, жарандардын кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү» , — деди Бекешев.
Бекешев БШК анын үгүт кампаниясына жарандардан акча жыйноосунун мыйзамдуулугу боюнча арызды дагы караганын билдирди. Бекешевдин маалыматы боюнча, ал кайрымдуулук аркылуу 3 млн сом топтой алган.
Анын айтымында, БШК мыйзам бузуу тапкан эмес, «бейтарап чечим чыгарган».
«Менде баары ачык жүрүп жатканын көрүштү, бул жерден эч кандай мыйзам бузууну таба алышкан жок» , — деди Бекешев.
Мурдарак депутат ага карата арызды кыргызстандык Акбар Бейшалиев бергенин билдирген.
Бирок Бекешев жумушчу топ менен жолугушуу учурунда Бейшалиевдин арыз бербегени белгилүү болгонун кошумчалаган.
«Балким, ал Орусияда отуруп алып, массаж жасап атат. Эмнеге анын атынан арыз жазышты. Айтайын дегеним, буга чейин да мени сотко берип жүргөн адам бар, биз анын артында ким турарын аныктаганбыз. Ошол замат баары өз ордуна келген», — деп айткан ал.
Дастан Бекешев — учурда парламент депутаты, алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Бишкектин Октябрь району боюнча бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөн.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Анын ичинде ар бир төртүнчү мандат гана аялдарга берилет.
Ага ылайык, парламенттин депутаттары аралаш система менен шайланат. Анда 54 депутат партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келет.
20-октябрда БШК алдыда боло турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна партиялардан документтерди кабыл алуу аяктаганын билдирген. Бирдиктүү шайлоо округдары боюнча талапкерлердин тизмесин жалпы 21 партия берген.
Талапкерлигин көрсөткөндөрдүн жалпы саны 1 046. Алардын ичинен 36% гана аялдар, калганы —эркектер.