Үгүт ишине акча жыйноо. Бекешевдин аракетин текшерүү талабы коюлду

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Башкы прокуратурага арыз түштү. Бул тууралуу эл өкүлү соцтүйүндөгү барагына жазды.

Анын айтымында, доо арыздын ээси депутаттын үгүт кампаниясына жарандардан акча жыйнаганы канчалык мыйзамдуу экенин текшерүүнү талап кылган.

«Жарандын арызы абдан сабаттуу жазылган, баса белгилеп, текстти тиешелүү форматка ылайыктаганы көрүнүп турат. Мен мамлекеттик кызматта дагы мындай сабаттуу жазылган катты көптөн бери көрө элек болчумун. Балким, ал жаранга арызга кол коюп бер деп суранышкандыр, бирок кандай болгон күндө дагы мен БШКда өз талабымды жактоого даярмын», — деп жазды Бекешев.

Бекешев «Клооптун» журналистине маек куруп, аталган доо арыз боюнча БШКнын жумушчу тобунун бир жыйынына катышканын айтты. Андан сырткары, депутат жумушчу топ азырынча жыйынтык чыгара электигин кошумчалады.

Бекешев телеграм-каналында Акбар Бейшалиев аттуу жаран дагы арыз калтырганын айткан. Бирок жумушчу топтун жолугушуусунда Бейшалиев арыз жазбаганы аныкталганын кошумчалады.

«Балким, ал Орусияда отуруп алып, массаж жасап атат. Эмнеге анын атынан арыз жазышты. Айтайын дегеним, буга чейин да мени сотко берип жүргөн адам бар, биз анын артында ким турарын аныктаганбыз. Ошол замат баары өз ордуна келген», — деп айтты ал.

Бекешевдин маалыматына таянсак, кайрымдуулуктан 3 млн сом чогулган.

Дастан Бекешев — учурда парламент депутаты, алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Бишкектин Октябрь району боюнча бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Анын ичинде ар бир төртүнчү мандат гана аялдарга берилет.

Ага ылайык, парламенттин депутаттары аралаш система менен шайланат. Анда 54 депутат партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келет

БШК 20-октябрда алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган партиялардын арызын кабыл алуу жыйынтыкталганын билдирди. Бирдиктүү шайлоо округдарынан 21 саясий партия тизмесин берди. Жалпы көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 1046ны түздү. Бул тизмеде аялдар 36%ды түздү, калгандары — эркектер.