Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катышат

Иллюстративдик сүрөт

Материал 28.10.2021 жаңыртылды

28-октябрда парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлерди жана партияларды каттоо аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпысынан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 321 талапкерди каттады.

Шайлоого катыша турган партиялар:

Жалпысынан шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген болчу. Анын ичинен 21 партия документтерин толугу менен тапшырган.

Алгач Боршайком шайлоого бир мандаттуу округдардан катыша турган 329 талапкерди каттоодон өткөргөн, бирок анын ичинен сегиз киши шайлоого катышуудан баш тартышты. Ал эми 52 адам депутаттыкка талапкер катары каттоодон өткөрүлгөн эмес. Шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 381ге жеткен болчу.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

*«Ачык тизме» же преференциялдык шайлоо системасында шайлоочу партияны жана анын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул ыкма менен партия жана анын тизмесинде эң көп добуш алган талапкер парламентке өтө алат.

29-октябрда Кыргызстан боюнча үгүт иштери башталат. Ал эми 30-октябрда БШК каттоодон өткөн партиялар жана бир мандаттуу округдардан талапкерлердин арасында шайлоо бюллетенине киргизүүдөгү кезектүүлүктү аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрөт.

Шайлоо күнү шайлоочуларга эки бюллетень берилет: бирөө партия жана анын тизмесиндеги талапкерлерге, экинчиси бир мандаттуу округдардан талапкерлерге добуш берүү үчүн. Эгерде шайлоочу партияны белгилеп, бирок анын тизмесиндеги талапкерди тандабаса бюллетень жарактуу бойдон калат — добуш жалпы партияга берилет. Бюллетенде партиянын алгачкы 54 талапкерин тандоого болот.

Депутаттарды бир мандаттуу система менен шайлоо үчүн Кыргызстандын аймагы 36 шайлоо округуна бөлүнгөн. Округдардын тогузу Ош облусу жана Ош шаарына, жетөө Жалал-Абад облусуна, алтоо Чүй облусуна, төртөө Бишкек шаарына, Баткен жана Ысык-Көл облустарында үчтөн, Талас жана Нарын облустарында экиден берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эски жүздөр vs коррупцияга каршы күрөшкөндөр. Парламенттик шайлоодо кимди шайлайбыз?