Президент Глазгого жалдаган жеке учактын ижара акысы болжол менен 19 млн сом

Президент Садыр Жапаров 31-октябрда Шотландиянын Глазго шаарына жеке самолёт жалдап учканын президенттин басма сөз кызматы 1-ноябрда тастыктады. Анда Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө арналган 26-конференциясына катышып жатат.

Президенттик администрациядан кабарлашкандай, мындай чечим британ бийлигинин Кыргызстандын №1 бортун кабыл алуудан баш тарткандан кийин кабыл алынган. Себеби учак Европа биримдигинин жана Улуу Британиянын «техникалык нормаларанына жооп бербейт» — эл аралык талаптарга шайкеш келбейт.

Садыр Жапаров Глазгого учуп келип, траптан түшүп келе жатат. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы. 

Бирок президенттин маалымат кызматы учактын моделин жана ижара баасын ачыктаган жок.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клооптун» учактын ижара акысы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, учурда президент жеке самолёт жалдап учуп кеткенинен башка маалымат айта албасын билдирди.

24.kg басылмасы flightradar сервисине таянып, Жапаров «Манас» аэропортунан бизнес класстагы Embraer Lineage 1000 реактивдүү учагы менен учуп кеткенин жазды. Ал Глазгодон 51 км аралыктагы Шотландиянын Престуик шаарына барды. 

Embraer Lineage 1000 авиалайнери. Сүрөт: Википедия 

Ага 19 адам батат, ал эми экипаж үч кишиден турат —эки учкуч жана борт коштоочу. Самолетту бразилиялык Embraer компаниясы чыгарат.

Jetvip авиаброкеринин маалыматы боюнча, мындай учактын бир сааттык ижара акысы 12 миң еврону (1,1 млн сомдон ашык) түзөт. Престуик шаарына Жапаровдун самолёту 8 саатка жакын убакытта (7 саат 51 мүнөт) жеткен.

Бул 9,48 млн сомду түзөт. Президенттин жана анын делегациясынын барып келиши болжол менен 19 млн сомду түзөт.

Jetvip сайтынан скриншот. 

«Бул самолёт жүргүнчүлөр кайсы жерде болбосун, Парижде, Дубайда, Нью-Йоркто, Пекинде же 10 000 метр бийиктикте болобу өзүн үйүндө жүргөндөй ыңгайлуу сезиши үчүн ылайыкталган», — деп Embraer компаниясынын президенти Марко Тулио Пеллегрининин сөздөрүнөн цитата келтирген Business Jets.

Бизнес-класстагы Embraer Lineage 1000 реактивдүү самолётунун салону. Сүрөт: Jetvip сайты 

Президенттик администрация 24.kg маалымат агенттигине жеке учактын ижара акысы тууралуу айтып жатып, мындай самолёт менен учуу арзан түшөөрүн айтып, бирок казынадан канча каражат сарпталарын тактаган эмес.

Глазгого сапар

Президент Садыр Жапаров 31-октябрда БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө арналган алкактык конференциясынын ачылышына катышуу үчүн Глазго шаарына учуп кеткен. Президенттин администрациясы Жапаровдун Шотландияга конгонун кабарлаган.

Ал 1-ноябрда дүйнөлүк лидерлердин Саммитинин ачылышына катышты. Эми 2-ноябрда Жапаров саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.