Ангеме ойдон чыгарылган. Материал Борбордук Азиядагы IDEA уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жаштар тандайт» долбоорунун алкагында жазылды.

Эки ай мурда Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылына метеорит түшкөндөн бери абал курчуп кетти. Көл түнкүсүн жарык болуп, бакчада өсүп турган алмалардын бетине кара-көк тактар түштү. Азаматтын жездеси менен Аянанын иниси ооруканада. Тургундар түшүнүксүз абалда калды. Азамат айылдагы көйгөйдү чечүүгө бел байлады.

Төртүнчү эпизод: «Туман»

Көл жээгиндеги айылдагы таң калычтуу окуянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүгүн окуңуз.

Батыш тараптан келген сыдырым жел барган сайын катуулап, бакчадагы алмуруттун жалбырактарын көккө сапырууда. Шуулдаган шамал гана болбосо айлана жымжырт — демейде бул маалда канаттуулар жылуу жактарга учууга камынчу эле, алардан дайын жок. Ушул жымжырттыкты арык чырай кыздын «Үмүт!» деген ачуу кыйкырыгы бузду. Аянанын көзү жашка толуп, чуркап келип жерде жаткан бөбөгүн кучактады.

— Үмүт, көзүңдү аччы! Мени карасаң… — Аянанын мукактанган үнү дирилдеп барат. Азамат дендароо болуп, Аянага жакындады.

— Аяна, азыр мен апама телефон чалайын. Баары жакшы болот, — Динара эже окуяны угаар замат Аянанын үйүнө жетип келди. Жаш баланын абалы Азаматтын жездесиникине окшош болуп чыкты. «Дароо ооруканага алып баруу керек» деген Динара эженин сөзүн угуп, Аянанын кошунасы унаасын айдап келди. Эс-учун жоготкон баланы салган унаа шаарды көздөй бет алды — аны менен кошо Динара эже менен Аяна дагы шаарга жөнөштү.

Жалбырагы сапырылып түшүп жаткан бакчада Азамат жалгыз турат. Барган сайын күндүн көзү да бузулууда. «Маселенин баары кара-көк так баскан жемиштерде окшойт, бардыгына кабар бериш керек» деген ой менен, болгон окуяны досторуна айтып берүүнү чечти — телефонундагы тайпага «Тез арада талкуулай турган сөз бар, баягы ашканадан жолугалы» деген билдирүү жазды. Азамат шашылып жөнөдү, кетип баратып көлдү кара туман каптап келе жатканын байкады. Катуу шамал балээ илээшкен туманды жээкти көздөй сүрүп келе берди. Шашылган Азамат чуркаган сайын, көлдүн бетин каптаган кара туман да ылдамдагансыйт...

Жарым жолго жеткенде алдынан шаардан жаңы эле келген Сабыр байке чыкты.— Азамат, кайда жөнөдүң шашып?

— Досторума бараткам. Байке, жездем жакшы болуп калдыбы? Дарыгерлер эмне дейт?— Билбейм, эч нерсе дешкен жок. Жеткирип эле, артка кайттым.

— Азыр эле Аянанын иниси эс учун жоготуп, апамдар аны да шаарга алып кетишти.

— Эмне болуп кетти, деги аман болсо экен.

— Ошондой эле болсо экен… Бакчадан алмурут жеп алыптыр.

— Айылда таң калычтуу нерселер барган сайын күчөп жатат, бир нерсе кылбасак болбой калды. Убакыт аз.

Сабыр байке Азаматты айылдын ортосуна дейре ала кетмей болду — бала унаага отурду. Сабыр байкенин сүрөтү бар алакандай барак Азаматтын көзүнө дароо урунду. Айылдаш байкесин суроолуу карады. Аны байкаган активист байке:— Бул менин программам, шайлоого катышмай болдум. Ал эми шайлоого аттанган ар бир талапкердин программасы болушу керек, — Азаматка эки бүктөлгөн гезитти сунду.

— Сиз биздин көйгөйдү чечип бересизби?

— Ооба, идеяларымды колуңдагы программага толук жаздым. Ар бир талапкер же партия каттоодон өткөндөн тартып беш күн ичинде программасын эң аз дегенде бир басылмага жарыялашы керек. Мен дагы ошондой кылып, көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына жибердим. Программаны окуп көрүп, көйгөйдү чечүү үчүн кандай сунуш бергенимди карап көр. Кийин өзүң чечим чыгарасың, — алар ашканага келип калган экен. Азамат имараттын кире беришинде курбусу Берметтин турганын көрдү.

— Рахмат байке, тургундарга алма-алмуруттун ууланганын азыр айтышыбыз керек, кийин кеч болуп калбасын.

— Ооба, азыр айыл өкмөтүнө барып айтам. Телефондогу айылдыктардын тайпасына дагы чогулуш болорун жазам, — Азамат менен Сабыр байке көчө боюнан коштошту.

Айылдын ортосундагы ашканада Азаматтын досторунан башка бир-эки гана адам бар экен. Бөлмөдөгү ар бир адам өз ою менен алек болуп жаткандай — жымжырттыкты алыстагы толкундардын дабышы менен бөлмөнүн бурчундагы телевизордун үнү бузууда.

Азамат терезеден айланага көз чаптырды — коюу туман айылга жетип калган экен.

Ал досторуна жемиштерден кара-көк тактарды байкаганын, жерге түшкөн алмадан буу, каңырсыган жыт чыкканын жана Үмүт алмурут жеп алган соң эс учун жоготуп жыгылганын айтып берип жатты. Ушул учурда бөлмөнүн бурчундагы телевизордон шайлоо тууралуу маалымат угулду. Чачы кыска, арык-чырай келген кыз шайлоодогу жаштардын тандоосу тууралуу айтып жатат:

— Боршайкомдун маалыматына ылайык, Кыргызстандагы шайлоочулардын 29%ын 30 жашка чейинки курактагылар түзөт. Өткөн шайлоодо 18 жаштагы шайлоочулардын добуш берүүгө активдүү катышканы байкалган. Жашы жеткен 87 миңден ашык шайлоочунун 30,24%ы шайлоого катышкан. Тагыраагы, жаштардын ар бир үчүнчүсү өз тандоосун жасаган.

Телевизордогу маалымат достордун талкуусуна айланды:

— Силер кайсыл талапкерге добуш берели деп жатасыңар? — Азамат кыска бойлуу, толмоч келген Вова деген досунун баш кийиминдеги «Кызыл жер» деген жазууну байкады, — сен ушул партияны шайлайсыңбы?

— Жок, бул партияны мен жакшы билбейм. Өткөндө ушундай кийимдерди таратып кеткен. Бүгүн кийип чыктым. Бирок кимге добуш береримди билбейм, — ээгин таянып отурган Вова отургандарга карап:

— Жаштарга шайлоонун, саясаттын эмне кереги бар? Бул маалыматты чоң ата менен чоң апаман башка эч ким укпайт, — маалымат ага кызыксыз болуп жаткандай үшкүрдү. Азамат аны карап:

— Сен ошондой ойлошуң мүмкүн, бирок биздин айылда болуп жаткан көйгөйдү көрүп атабыз го. Саясатка кызыгып, шайлоого катышуу менен гана өзүң жашаган жердеги абалга таасир эте аласың, — Азамат пикирин айтып жатканда, телевизордогу кыз маалымат берүүсүн улантып жатты:

— Кыргызстанда шайлоочулардын көбү — жаштар. Тилекке каршы, өткөн шайлоодо алардын 70%дан ашыгы добуш берүүгө келген эмес. Өлкө үчүн маанилүү делген тандоого катышкан кайдыгер эмес жарандардын саны көбөйсүн десек — жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Телевизордогу маалыматты Азамат менен досторунан башка уккан жан жок. Ашкананын кызматкерлери өз иштери менен алек, ал эми бурчта отурган кишилер кызуу талкуу куруп жатышат. Азамат досторун карап:

— Ушинтип кол куушуруп отура бербей, бир нерсе кылалы — тургундарга жемиштер кооптуу экенин түшүндүрүп, балким чогултуп бир жерге алып барып көмөрбүз. Балким аны кармоо дагы кооптуу болушу мүмкүн, апаман коргонуучу кийимдерди алалы. Көйгөй тууралуу соцтармактарга жазып чыгалы. Башка адамдардын көңүлүн буралы. Эки тандообуз бар: же эч нерсе кылбай бирөөлөрдөн жардам күтөбүз, же өзүбүз маселени чечүүгө аракет кылабыз. Тандоо биздики...

Чогулгандар Азаматтын айтканын эп көрүп, айылдагы сырдуу окуялардын чоо-жайын иликтеп, чара көрүүнү чечти. Алар көп өтпөй сыртка чыгышты. Көлдүн бетин каптап келе жаткан туман бир эсе таң калтырса, бир эсе чочулатып турду. Туман баскан көлдүн жээгинен көзүн албаган Азамат коюу кара сөлөкөттү байкады:

— Достор, тетиги эмне? — Тынчы кеткен Азамат көл тарапты көрсөтүп колун сунду. — Кана? Мен көрбөй жатам? Көлдүн бетиндеги тумандан эч нерсе көрүнгөн жок.

— Ооба, мен көрдүм. Бирок эмне экенин билбейм, метеорит эмеспи?

Көлдүн жээгиндеги кара сөлөкөттөн оргуштаган буу чыгып, туман айылды каптап келе берди...

Уландысын кийинки бөлүмдөн окуй аласыз.Аңгеменин бардык бөлүмүн tanda.kg сайтынан дагы окуп, кызыктуу квестке катышыңыз. Шайлоо күнү ар түрдүү жагдайларда сиз кандай чечим кабыл аласыз?

Автору: Найзабек Мукамбетов

Сүрөт: Дарья Удалова