Шайлоого дагы алты талапкер катышпай калды. Бир мандаттуу округдан 306 талапкер калды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдардан ат салыша турган алты талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, төмөнкү талапкерлер шайлоого катышпайт:

  • Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев — №10 Куршаб шайлоо округу;
  • Токтоналы Нусубалиев — №21 Талас шайлоо округу;
  • Салиман Малдыбаева — №36 Ысык-Көл шайлоо округу;
  • Акылсайра Жумабекова — №35 Ак-Суу шайлоо округу;
  • Чүй облусунун экс-башчысы Улан Карагулов — №31 Чүй-Кемин шайлоо округу;
  • Асан Шакиров — №13 Сузак шайлоо округу.

Буга чейин бир мандаттуу округдардан тогуз талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан — алардын ичинде депутаттар Канат Исаев жана Айнуру Алтыбаева бар. Алгач БШК 321 талапкерди каттаган, эми болсо алардын саны 306 адамды түзөт.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат.