Бишкек: Тигүү цехиндеги өрттөн төрт жашар кыз каза тапты

Жаңыртылып турат

4-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы Бишкекте тигүү цехинде чыккан өрттөн төрт жашар кыз каза тапканын кабарлады.

Ведомстовонун маалыматына караганда, Бишкектин Ленин районундагы Аммосов көчөсүндөгү цехтердин бири өрттөндү, саат 13:26да чектөөгө алынды.

«Болжол менен 125 чарчы метр аянтты өрт чалган. Азыркы тапта өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат», — деп билдирди ӨКМ.

Ведомстоводон каза болгон кыздын аты-жөнү такталып жатканын кошумчалашты.