Коронавирустун 91 жаңы учуру катталып, үч киши каза болду

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 4-ноябрга карата коронавирустун 91 жаңы учуру катталып, үч адам каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында – 42;
  • Чүй облусунда – 22;
  • Ысык-Көл облусунда - 14;
  • Баткен облусунда - 4;
  • Ош облусунда - 4;
  • Талас облусунда – 3;
  • Жалал-Абад облусунда - 2.

Ошондой эле, өткөн суткада 61 бейтап ооруканадан айыгып чыкты — илеттен айыккандардын жалпы саны 175 953 адамды түздү.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 181 590 адам коронавирус жуктуруп, 2 679 киши каза болду.

Бүгүнкү күндө 653 бейтап ооруканаларда, ал эми 782 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 4-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны 11 909 адам алды. Анын ичинен биринчи дозасын 5402 адам, ал эми экинчи дозасын 6507 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.