«Кумтөр» иши. Дастан Бекешев Аскер прокуратурасында сурак берди

Дастан Бекешев 3-августта «Кумтөр» иши боюнча Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу депутат твиттеринде билдирди.

«Кумтөр кенине байланышуу суу кодексине добуш берүү боюнча чакырышты (Давыдов жана Лысый мөнгүлөрүн иштетүүгө). Мен мыйзамга каршы деп добуш берсем да, бул ишти юридикалык эмес, саясий деп эсептейм», — деп жазды Бекешев.

Ал депутаттар добуш берүүнүн жыйынтыгы үчүн укуктук жоопкерчилик тартпасын, бирок моралдык жоопкерчилик алышы керектигин кошумчалады.

«Мөнгүлөрдү иштетүүгө макул болгондор парламентке шайланбашы керек», — деп жазды ал.

Бекешев бир саатка чукул суракта болду. Ал телеграм-каналы аркылуу бардыгы мыйзам чегинде өткөнүн, бирок кенен маалымат бере албасын билдирди.

Бекешевден тышкары «Кумтөр» иши боюнча сурак берүү үчүн буга чейин мурдагы депутат Элвира Сурабалдиева дагы Башкы прокуратурага чакырылган. Кийинчерээк ал 2017-жылдын ноябрындагы Суу кодексине өзгөртүүлөрдү кабыл алуу иши боюнча сурак бергенин айткан.

Жыйынтыгында «Кумтөр» иши боюнча мурдагы жана азыркы бир топ жогорку кызматтагы адамдар кармалган. Алардын арасында экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов менен Мухаммедкалый Абылгазиев бар.

Ошондой эле Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков да кармалган. Андан тышкары, УКМК бозгун президент Аскар Акаевге издөө жарыялап, кийин ал тергөө иштерине көмөктөшүп, көрсөтмө берүү үчүн Кыргызстанга келген.

Дагы бир тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим дагы деле издөөдө.